Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Жороев: “УКМК бараткан жол менен чындыкка жетүү өтө кооптуу”

Эмил Жороев: “УКМК бараткан жол менен чындыкка жетүү өтө кооптуу”

23-январь, 13:19
1 488 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Камакка алынгандардын бири-бирине каршы көрсөтмө берүүсү аркылуу эмнеге жетишсе болот? Айтылган сөздөр жөн жерден чыкпаса керек. Маселен, “Мелис Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берип жатат” дегендери...

-- Акыркы кезде камакка алынгандар боюнча көп маселе бар. Камоолор, андан аркы иликтөөлөрдөгү ыкма бир аз тынчсыздандырат. Бул нерсе эл аралык практикаларда кайсы бир деңгээлде бар. Кээ бир кылмышка шектелгендер башка күнөөлүүлөр боюнча көрсөтмө бериши мүмкүн. Бул жерде негизги маселе, бирөөнүн сөзүнүн гана негизинде башка экинчи, үчүнчү тараптарга иш козгоо – адилеттүлүктүн принциптерине жатпаган нерсе. Кылмышка шектелип жаткан адамдын башка бирөө боюнча көрсөтмө берүүсү ишенимге арзыбаган, шек жараткан жагдай болушу мүмкүн. Ал эми Аспеков-Жапыкеев тууралуу маалыматтар ушактын негизинде эле тарап кеткенге окшош. Кандай болгон күндө да, андай көрсөтмө кылмышка тартууга жетиштүү негиз катары каралбаш керек. 

-- УКМК кармалды деген саясатчылардын, чиновниктердин эки күн өтпөй камактан бошотулуп жатышы эмнеге байланыштуу? Ошол эле кезде айрымдары эки айга камакка алынууда.

-- УКМКнын өлкө ичиндеги ар кандай кылмыштарга аралашып жаткандыгынын өзү туура эмес. Анын аткарган милдети, функциясы таптакыр башка. Анысы аз келгенсип, кылмышка шектелип кармалгандар менен өз ара кызматташуу деген түшүнүктүн негизинде кайра чыгарып жиберүүсү ого бетер суроо туудурат. Мындай жол менен чындыкка жетүү өтө кооптуу. 

-- Саясый күчтөрдүн биригүүсүнө кез келдиби? Эгер андай болсо, кайсы тараптар азыркы бийликке жакындашы мүмкүн?

-- Албетте, шайлоодон кийин ар кандай жылыштар, кызматташуулар же тескерисинче, бөлүнүү принциптери айкындалат. Бул башка мамлекетте деле, бизде деле табиятынан боло турган нерсе. Кайсы бир саясатчылардын жеңген тарапка толук же айрым маселелер боюнча кызматташуусу эч кандай таңгалуу же туура эмес (!) деген таризде каралбашы керек. Ошол эле кезде көп түрдүү пикирлер менен сындардын болуусу үчүн оппозициянын зарылчылыгы бар. Өзөктүү оппозиция болбосо, көз караштардын бир тараптуулугуна алып барат. Коом үчүн ал жакшы эмес. Көп түрдүүлүктүн орун алышы дурус болот. Ал эми кечээки президенттикке талапкерлерди жана башка саясатчыларды кайсы бир тарапка оой турганын айтуу али эрте. 

-- Жаңы келген бийлик жалпысынан алганда коррупция менен күрөштү жеңип чыга алабы? Жемкорлорду жегенин төлөтүп, камактан чыгаруу канчалык деңгээлде туура?

-- Жаңы келген бийлик коррупция менен күрөшүү деген убадасын биринчи орунга коюп келди. Албетте, “күчү жетеби?” деген суроо пайда болот. Анткени, буга чейин канчалаган бийлик муну убадалаган. Бирок, ал саясый өңүттөгү гана иш-аракеттер менен чектелип келген. Мунусунда Садыр Жапаров президенттикти жеңгенге чейинки убакытты алып карасак, ар кандай ишенбөөчүлүккө орун берилип калды. Анын бийликке тарткан адамдарын карасак, коррупцияга аралашкандарды жоопкерчиликке тартуу тарабын алсак деле суроолор жаралат. Саясый жактан алганда, жемкорлордун жегенин төлөтүп алуу туурадыр. Бирок, юридикалык принциптерге таянсак, туура эмес көрүнүш болуп калып атат. Чоң коррупционерди жегенин төлөтүп коё берүүсү  анын терс иштерине көз жумуп коюу дегенге тете болууда. Андайлар менен аёосуз күрөш жүрүшү керек. Бирок, анын дагы ачыктыгы, адилеттүүлүгү, акыйкаттыгы камсыздалышы зарыл. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер