Акыркы кабарлар
» Коом » Торгой баатыр
Торгой баатыр
01-октябрь, 15:26


Төрөкочкор Кашкарда акүйлүү жүрүп ордо кутумдары тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин жесир энебизди Желдеңдин Акүчү баатыры баштаган топ алып келет. Ошондо Төрөкочкордун алты айлык жалгыз баласын куржунга салып келип, эл Куржун деген ат берет. Энебиз сулуу киши экен, көз арткандар көп чыгып, Тынымсейиттин Жаманагы «жеңемди өзүм алам» деп келатыптыр дегенде, тукумум алыстап кетпесин деген чоң энеси 9 жашар Кыдыкка баш байлаптыр деген кеп калган.
Төрөкочкорду «Кашкарда эмес, Кокондо акүйлүү жүргөн, Кокондо өлтүрүлгөн» дегендер да бар. Бул туура эмес. Бүгүн биз Торгой баатырдын 300 жылдыгын белгилеп, болжол менен 1700-жылдын башында туулган деп жатабыз. Ошондо Торгой баатырдын атасы Куржун, чоң атасы Төрөкочкор Торгойдон бери дегенде 40 жыл мурун 1650-1660-жылдарга туура келет. Арык мырзанын 400 жылдыгы өттү. Ал жагынан эсептесек да Арыктын иниси Мырзакул, анын баласы Жаманкулдун баласы Төрөкочкор, ортосу элүү жыл болуп, Төрөкочкор болжолдуу 350 жашта болуп атат. Ал заманда кыргыздар, Фергана өрөөнү бүт бойдон, азыркы Казакстандын түштүгү түгөл Чагатай уруусуна (Моголистанга), Кашкарга карап турган. А кезде Кокон хандыгы жок, түзүлө элек. Тарыхты карасак деле, википедияда «Кокон Хандыгы (өзб. Qo’qon xonligi) 1709-1876 аралыгында, азыркы Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандын түштүк аймактарында жана Шинжаң-Уйгур автоном районунун (Чыгыш Түркстан) аймактарында жашаган мамлекет. Эң жогорку гүлдөөсүндө 820 миңдей км2² ээлеген. Түркстан хандыктарынын бири» деп жазылып турат. Ал эми Жамангулдун Итбок (итбак) деген уулунан Мамбет деген уулу айтылат. Жамангулдун Боокесинен Карсултай, Танабай (Такабай деп да айтышат) деген уулдары айтылат. Итбок менен Бооке тукумдары көп эмес, булар Түп районунда Арык менен Белектин ичинде турушат. Жамангулдун Белек деген уулун «Курсакта калган куу Белек» деп коюшкан. Себеби атасы Жамангул каза болгондо энесинин боюнда калган экен. Белектин Салмаке деген аялынан Тогузбай, Шүкүр, Кожош, Элчибай, Теңизбай, Эркеназар деген алты уулу, Жаркын деген аялынан Алдаш, Токой, Алдаяр, Саты, Токоч, Толубай деген алты уул, баш-аягы эки аялынан 12 уулу, дагы бир нече кыздары болгон.
Сабыр МУКАНБЕТОВ, «Азия Ньюс» гезити