Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мыйзамга баш ийбей паранжа, никаб кийгендерди канткенде тескей алабыз?

Мыйзамга баш ийбей паранжа, никаб кийгендерди канткенде тескей алабыз?

02-май, 21:17
2 206 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Республика боюнча жүзүн жапкан, паранжа, никаб кийген аялдарга күч органдары тарабынан эскертүүлөр берилип, бирок натыйжа чыкпай атканы кандай? Радикалдуу динчилдерге мыйзам өтпөйбү?

Ишенгүл Болжурова, мурунку билим берүү министри:

-- Негизинен, ар бир чыккан мыйзам калың элдин баардык катмарына жетиш керек, жетпесе жеткириш керек. Буга ар бир айыл өкмөт, аким, губернатор жоопкерчиликти алуусу зарыл. Союз учурунда “саясый окуу” деген болот эле. Жадагалса чоң-кичи окуу жайларда мугалимдер кандай мыйзам, эмне деген токтом, буйрук, жобо – баарын элге жеткирер эле. Бул биринчиси. Экинчиден, ошол чыккан мыйзамды аткарбагандар катуу жазаланчу. Алгач эскертүү, кийинкиси эч аёосуз, керек болсо түрмөгө отургузганга чейин барышчу. Күч органдарынын кызматкерлери кадимкидей оронуп-чулганган, дамбал кийгендерди териштирип, кайдан пайда болду, ким аркылуу келди, Конституцияны беренелерине дал келеби (?) деп суракка алышчу. Ооба, азыр оронуп-чулгангандарды, никаб, хиджап кийинген жапжаш кыз-келиндерди көрүп калабыз. Биз бир чечимге келишибиз керек. Башмыйзамга баш ийбеген жагдайдын баары кылмыш катары эсептелгени оң. 

Уланбек Качибеков, коомдук ишмер:

-- Натыйжа чыкпай жатканынын себептерин чечип, аныкташ керек. Себеби, маселе тереңдеп кетти. Ошондуктан бул маселени чечиш үчүн дүмүрүн жок кылыш керек. Көлбаевди жок кылып, криминал менен катуу күрөшкөндөн дагы татаал бул нерсе! Бир-эки сөз менен айтып түшүндүрүү такыр мүмкүн эмес. Негизги күнөөлүүлөр бийлик башында тургандар, анын ичинде депутаттар. Жума күнү мечиттерге жума намазга баргандарды көрсөң түшүнөсүң, мамлекет кайда баратканын...

Эл паранжа, никаб кийген аялдарды жана дамбалчан эркектерди "арабкулдар" деп бекеринен айтышпайт го? Союз учурунда өкмөттүн түзүмүндө дин башкармалыгы бөлүмү бар эле, ар бир облуста өзүнүн структурасы менен. Алар диний иш боюнча баардык маселелерди координация жасап турушчу. Ислам дини боюнча жалпы эл билген болгону эки негизги агым бар эле: шейит жана суннит. Азыр болсо Кыргызстанда 80ге жакын агым бар имиш! Эгемендүү болгону мамлекетибизде президенттер баш болуп, аткаминерлер бийлик менен алек болушуп, дин маселесине мамлекет тарабынан көңүл бурулбай, каралбай калды десе да болот. Кырдаалдан пайдаланып, аткаминерлер, өзгөчө “депутат болом” дегендер элди колго алуу, жакшы көрүнүү үчүн өз айылдарында мечит салууга жапырт кирише башташканын билесиңер да? Араб мамлекеттери үчүн мечиттерди каалашынча салууга, элди ислам динине тартуу боюнча ыңгайлуу шаттар түзүлөт, адатта бекер жер! Ортомчу болгон аткаминердин “мен салдырдым” деген аты калат, элде кадыр-баркы бийиктейт. Ошону менен Сооронбай Жээнбеков айткандай, Кыргызстанда мектептерге караганда мечиттердин саны көп болуп калат. Муну терең ойлонушпай, президенттер динди электорат катары пайдаланып келишти, добуш алыш үчүн.

Былтыр 2024-жылы президентибиз 80 имамга айлык ыйгарып (тарыхта болуп көрбөгөндөй), баарына жаңы кызматтык машине берди. Эми “батир салып беребиз” деп жатат. Негизи молдокелерге, динчилерге ушундай көңүл бурулуп, сый-урмат көргөзүлүп жатса, катардагы милиционердин эскертүүсүнөн кандай жыйынтык чыкмак эле? Буга мисал: бешинчи күнү жума намаз учурунда бүт Кыргызстан боюнча 75%га жакын соода уюмдардын иштери токтоп турат. Мындан тышкары, көпчүлүк мамлекеттик мекемелерде жана кафе-ресторандарда намазканалар ачылган. Ушундан улам, “биз кыргыздар ислам динине чеги жок ооп кеттикпи?” деген суроо жаралат!

Химия илиминде “обратимая и необратимая химические реакция” деген бар. Айтор, динди дагы необратимая реакция кылып албасак эле болду. Себеби, бул жагын регулировка жасап колго албаса, наркотиктен дагы коркунучтуу нерсе. 

Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:

-- Абдан көйгөйлүү суроо. Билинбей эле тамыры тереңдеп кетти. Мындай учурда өлкө башчынын бир гана чечкиндүү чечими керек. Конституцияда “Кыргыз мамлекети – светтик өлкө” деп турат. Жоолук, паранжа, никаб, биз бул боюнча президенттин: “Жүзүн таанылгыс кылып бекитип жаап алган никаб менен паранжа дегенге каршы туралы. Бул коомдук коопсуздукту сактоо үчүн манилүү маселе” деп айтканы бар. Садыр Нургожоевичтин бул айткандарына толугу менен кошулам жана кубаттайм. Мейли жоолук салынышсын, ал ар бир аял кишинин өз эрки. Болгону кыргыздын таптынакай каада-салтына, үрп-адатына жараша жарашыктуу кылып салынса, ким эле “жок” десин? Ошого карабастан ашынган “арабкулдар” бар. Эркектерибиз ээгине эки тал сакал коюшуп, дамбал кийишет. Таптакыр кыргызга окшобой калат. Анан күйөөгө чыга элек кыздарыбыз капкара түстө жамынышып, чүмбөттөнүп алышат. Ушу кантип болсун?!

Садыр менен Камчы инилерим жакшы иштеп атышат. Бир топ оңолдук. Көз тийбесин! Эми ашкере динчилдерге да көңүл бурушса, тартипке чакырып коюшса жаман болбос эле... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер