Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чубак ажы нааразы... Оппозицияга оосо, кадыр-баркы дагы көтөрүлөбү?

Чубак ажы нааразы... Оппозицияга оосо, кадыр-баркы дагы көтөрүлөбү?

24-февраль, 20:50
1 006 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейин белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов күздө өтө турган парламенттик шайлоого катыша турганын, өзүн эң татыктуу көрөрүн билдирген. БШК болсо: “Чубак ажы Жалилов диний ишмер, андыктан  шайлоого катыша албайт” деп билдирип, мыйзамга карама-каршы келерин ачыктаган экен. 

Бул билдирүүнү уккан аалымыбыз нааразы болуп, бирок көздөгөн пикиринен кайтпай турганын уктук. Ошондо оппозицияга өтүп, бийлик органдарына каршы позициясын улантабы? Күч органдары артынан түшүп, кыйнап баштабайбы? “Жети өлчөп, бир кесет” эмеспи, кандай кадамга барарын жакында расмий ачыктаса керек. Эске алсак, Чубак ажынын Кыргызстанда жана мигранттар арасында жүз миңдеген колдоочулары, күйөрмандары бар. Эгер ал шайлоого катышса чоң саясый күчкө айланары да жашыруун эмес. Тарыхта диний ишмерлер алдыга суурулуп, бийлик башына келип калган өлкөлөр да арбын...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер