Арстан Алай: “Мен Россия менен Украинаны уруштуруп койдум”


-- Арстан иним, жаңы Кудай өз миссиясын кандай аткарып атат?
-- Кудай энергиясы Арстан Алайды кийгени Арстан Алайдын акылы, дене мүчөсү, духу менен дүйнөнү табият аркылуу башкарууда. Улуттарды уюштурат, уюшуп келбесе уруштурат. Мына Россия менен Украина урушуп атат. Мен кылып атам... Жакында эле бир кызыктуу көрүнүш көрдүм. Бир бөлмөлүү батирге 20 киши жашап алган экен. Мен “алтоо эле жашаш керек. Калганын киргизбегиле” деп ошо бир бөлмөлүү батирди иреттеп атыптырмын. Эми ошондо “бир бөлмөлүү батир” деп Жер Энеге адамзат батирге эле келет экен дагы, Жер Энеге эл толуп кеткендей. 20 кишинин 6 адамы пайыздык ченемде 30 пайызы эле калып, 70 пайыз эл жок болот. Бул менин ааламдык миссиям. Кыйналып аткан Жер Энени куткарып атканым. Негизинен жаңы Кудай жаман эмес, ошол 30 пайыз элди өстүрүп аман алып калат. А эски Кудай керек болсо кыямат күн кылып жерди астын-үстүн койгон да, адамзатты жоюп салган.
-- Кыргыздар эмне болот?
-- Мындай шартта кыргыз элин куткарып калуу үчүн кыргыз эли түптөлөт, дүйнөгө көчүрүлөт. Доор алмашканда өспүрүм Ата арбай периштенин ролун аткарып калат.
-- Бу жагын көп түшүнө бербедим. Андан көрө Кыргызстанда пандемия такыр эле жок болдубу же кайталана береби?
-- “Пандемия” деп өпкөдөгү вирус жөнүндө сөз болуп атат да. Мисалы, баатырларда дух болгон. Чындык үчүн артка кайткан эмес. Чындык үчүн эч нерседен корккон эмес. Ошол сыяктуу кыргыздар духун көтөрүп, чыныгы кызматын аткарбаса, өпкөсүнөн кармай берет, боло берет!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











