Райым Матраимовдун “куйруктары”... Айбек менен Марлен саткындарбы?
Саясаттын кумарына азгырылган, акчанын күчү менен алдыга жулунган жаштарыбыз көбөйүп баратат. Мындайлар коомду булгашары, артынан терс үлгү калтырышары шексиз. Эмесе, окшошкон “мадыра баштарга” азыноолак токтололу.
“Биздин Кыргызстан” деп партия ачкан Айбек Осмонов Ош шаардык кеңешинен экинчи орун алды. Акчанын күчү менен марага келгенин эшиттик. Бул эргул убагында Райым Матраимовдун артынан агасы Нурбек экөө чуркап жүрүшүп, бизнес жасашып, бийликтен колдоо табышкан. Эми болсо мурдун көтөрүшкөнү, кечээги жакшылык кылган адамга керсейгендей жүрүп калышканы эмнеси? Жаңы бийликке кошомат кылышкан Осмоновдорго убактылуу оомат ооп турса, ошол ырысын көтөрө албай дердеңдеп калышканы жакшылыкка алпарбас. “Байлык – колдун кири” дейт. Баары өтөт, кетет. Ал эми адамгерчилик, жигиттик жогорку сапат түбөлүктүү айтылат эмеспи. Бул жагынан бир тууган көпөстөр аксашып, акыл парасаттары какшып калгандай сезилип атабы? Ушундайларды жер кантип көтөрөт ыя?..
Дал ушуга үндөш экинчи жагдайга келсек, былтыркы парламенттик шайлоого Райым Матраимовдун “Мекеним Кыргызстан” партиясы аркылуу Марлен Маматалиев алдыңкы тизмеде аттанып, бөжөңдөп кызмат кылганы жашыруун эмес. Шайлоонун акыры төңкөрүш менен аяктаганын чечмелебей эле коёлу. Бир командада жүргөн Марлен балакай бийлик алмашкандан кийин 180 градуска бурулуп, беткабын сыйрып салып, жаңы төбөлдөрдүн эшигин каккылап атып, акыры колдоо алыптыр. Убагында Райым мырзанын моралдык, финансылык жардамдарын тез эле унутканы эмнени билдирет? Жандырмагы жөнөкөй: кайсы бийлик келбесин, дароо эбин таап, түсүн алмаштырып кете бергени көндүмгө айланабы? Качанкыга чейин?
Мына, биздеги жаш саясатчылардын жүздөрү ушундай. Айбек Осмонов менен Марлен Маматалиев кечээ Райым Матраимовдун “шинелинен чыгышканын” тез эле унутушуп, удургуй кете беришсе жардан алыс ыргышпайбы? Эл карап турат да. Принцип, туруктуулук, адамдык сапат деген баалуулуктар буларда жокпу? Аягы жакшылык менен бүтпөй калды го...
"Азия Ньюс" гезити