Кайнатамды жакшы көрөм, ал мага болушат...


Турмушка чыкканыма сегиз жыл болду. Үч балабыз бар. Бала менен үйдө отурганда мени аябай кысымга алышкан, эми тамак жейин десем, “бул баланча сомго келген” деп ар бир тамакты айтып турушчу. Дароо табитим буулуп калар эле. Арыктап, депрессия болуп жүрүп, ал күндөр да өттү. Үч балам тең удаа болуп, аябай кыйналып да кеткем. Анан спираль салдыртып, “эми төрөбөйм” деп ишке чыктым. Балдардын кийимин саткан дүкөндө эмгектенем. Андан тышкары, бир сетевойдо да косметика сатам. Дүкөндөн саткан кийим үчүн пайыз алам. Жакшы сатам чынында. Бош күнү үй жыйнайм, кайненем аябай таза адам, кайнатам андан да таза. Ишке кеткен күнү кайра келгенче деп муздаткычты толтуруп заготовка кылам. “Айлыгым 25 миң” деп койгом, процент дегенди угузган эмесмин. 25 миң балдарыма эле кетет, бала бакчага, кийим-кечеге.
Айтайын дегеним, үч жылдан бери 645 миң сом чогултуп коюптурмун. Эки жактан тең соода жакшы, шүгүр. Акчаларым банкта. Эч ким билбейт. Азыркы учурда кайнатам катуу ооруп, ооруканага жатып калды. Белине операция жасаш керек экен. Акчамды берейин десем, кайненем билип калса ызы-чуу салат. Өзүм кийим алсам, “апам алып берди” кылып кийем дагы деле. Аябай бийликтүү, каардуу, анан урушчаак аял. Мен андан корком чынында. А атамды болсо жакшы көрөм, дайыма мага болушат. Эмне кылсам?..
Эльвира
"Азия Ньюс" гезити











