Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тажикстан менен аскердик жаңжал чыгышы толук ыктымал

Тажикстан менен аскердик жаңжал чыгышы толук ыктымал

03-апрель, 19:39
6 154 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызда “Жаман айтпай, жакшы жок” деген макал бар. Ошондуктан, келгиле, бир аз негативден кеп салалы. 

Жакында өкмөттүк делегация Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги алдында Өзбекстанга барып келди. Сапардын жыйынтыгында, УКМК төрагасы кыргыз-өзбек чек арасына байланышкан маселе, анын ичинде талаштуу аймактар да 100 пайыз чечилгенин жарыялады. Ошондой эле 95 пайыз ресурсун өзбектер пайдаланган Орто-Токой суу сактагычы биз тарапта каларын айтты. Суу сактагычтын аймагы 800 гектар, 200 гектарга жакыны буга дейре бизге компенсация катары берилген. Калган гектарлар боюнча, Ташиевдин айтымында, Көк-Серек, Баястан, Ак-Таш, Унгар-Тоо, Кара-Белес аймактары Кыргызстанга өткөрүлдү. Жалпы аймагы – 400 гектарга жакын. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Жалал-Абад жана Наманган облустарынын чек арасында жайгашкан 8 миң гектар Гавасай талаштуу аймагы да кыргыз жеринде калды. Аны менен катар алмаштыруу да болгон: биз Шарихан-Сай каналынын баш жагынан 50 гектар бердик, а алар бизге Өзгөн районуна жакын жердеги ошончо гектар жерди беришкен. 

Өзбекстан менен чек ара маселелерин чечүү жаатында Тажикстан менен маселе келип чыгат. 

Ташкент делимитация жана демаркация боюнча айрым маселелерди чечүүдө кандайдыр бир деңгээлде өзүнө зыян келтиргенин эске алсак, маселенин олуттуу экени белгилүү болот. Буга чейин Россия жана Казакстан бизге аскердик жардам беришкен, Өзбекстан менен чек арага жакын жерде машыгуу иштери жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, биз аймактагы үч негизги оюнчуну колдоого алдык. 

Эгер Өзбекстан менен чек ара маселеси позитивдүү өңүттө ордунан козголгон болсо, Тажикстан менен абал мынчалык кубанычтуу эмес. Бирок, маселени чечүү зарыл, макулдашуу менен болсо да. Эгер Душанбе Кыргызстан менен сүйлөшүүгө барбаса жана бекем позицияда туруп алса, анда мамлекеттер ортосунда көп жылдан бери келаткан тирешүү ансайын күчөйт. Россияда кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы каршылашуу орун алат. Бизде да тажик улутундагылар жашаган аймактар бар. Израиль-Палестина кагылышуусун, Украина менен Россиянын тирешүүсүн мисал кылсак болот. Андан кача албайбыз, басып өткөнгө туура келет. 

Аскердик жаңжал келип чыгышы толук ыктымал. Мындай абалда Өзбекстан, Россия жана Казакстан биздин таламыбызды талашат. Тажикстандын аймагындагы анклавдар кошулат. Эки тараптын тең патриоттору, жаштары каза табат. ЖККУ гана чек арага контингентин жайгаштыруу менен эле кийлигишпесе, БУУнун тынчтык орнотуучу аскери жардам бере албайт. Тажикстан тараптан афгандык согушкерлер кырдаалдан пайдаланып аралашуусу мүмкүн. 

 Чыр-чатактын баардык өбөлгөлөрү даяр. Президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Баткендин губернатору Өмүрбек Суваналиев – катуу тирештен качпаган адамдар. Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков да дипломаттуулугу менен айырмаланбайт, одоно кебин айтып деле жиберет.

Чыныгы кагылышуу болгон учурда аскердик күчтөгү артыкчылык Россия жана Казакстандын жардамы менен теңдештирилет. Анүстүнө Вашингтон жана ЕБ “демократия аралчасы” тарапта болушу мүмкүн. Кыргызстан саясый жактан кубаттуу куралчан, а Тажикстан аскердик планда күчтүүрөк жана калкы жарандык согуштан алган тажрыйбага ээ. А биздикилер митинг жана революция жаатында тажрыйбалуу. Түркия дагы түрк дүйнөсүнүн өкүлү катары бизге жакын. Албетте, биздин оппозиция жана бейөкмөт уюмдардын активисттери аскердик кагылышууга каршы болушат, а Тажикстандан мындай нерсени күтүүнүн кереги жок. 

Эгер кимдир бирөө жаңы чыңалуу очогунун пайда болушуна ишенбесе, анда Тоолуу Карабахтагы кайрадан тутанган согушту карап көрсүн. Бул ушул жерде, КМШнын аймагында – Азербейжан жана Арменияда. Ереван кагылышууну болтурбоого канчалык аракет жасаганына карабай, карама-каршылык жаралган биринчи күндөн тартып согуш болору белгилүү болгон. Мен Тоолуу Карабах согуштан кача албашын 2004-жылы эле, Германияда Маршал-борбордо окуп жүргөндө билгем. Мындай абалда баары Москва же Стамбул аркылуу чечилмек. Эгер тереңирээк көз сала турган болмок, Түштүк Осетиянын мисалын көрө алабыз. Мен ал жакка согуш аракеттери токтогон алгачкы күндөрү барып, баарын өз көзүм менен көргөм. 

 Вашингтон да, Брюссель да Борбор Азиядагы окуялар түрмөгүнө таасир бере албайт, саясый чалгындоо жүргүзө албайт. Пекин болсо эч убакта кийлигишкен эмес жана мындан ары да кийлигишпейт. 


Тынчы жок аймак

Борбор Азияда калкынын жалпы саны 100 миң кишиге жеткен сегиз анклав жайгашкан. Айрыкча ичинде жана жан-жакасында Сарвак, Ворух (Тажикстан), Сох жана Шахимардан (Өзбекстан) сыяктуу ири анклавдар жайгашкан аймактарда чек ара жаңжалдары тез-тез болуп турат. Сууну жана жайлоолорду пайдалануу катаал көзөмөлдө, анткени ушулар чек ара жаңжалдарынын тутанышынын башкы себептери. 

Аны менен катар болгону бир нече жол айылдарды бириктирип турганы да кырдаалды курчутат. Бир катар кыргыз айылдарынын сырткы дүйнө менен карым-катышы өзбек анклавдары аркылуу болот. Чек аралардын тез-тез жабылышы жүздөгөн адамдардын азык-түлүк базарларына, иш орундарына, медициналык мекемелерге, туугандарына баруусуна тоскоолдук жаратат. 

СССР учурунда эл мамлекеттер ортосунда ээн-эркин кирип-чыгып жүрүшкөн, соода-сатык өнүккөн. Союз тарагандан кийин визалык режимдин киргизилиши жана чек ара аймактарынын делимитация жана демаркация болбогону көптөгөн жаңжалдарга жана этникалык кагылышууларга алып келди. Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасы ошол убакта 73,1 жана 53,4 пайызга такталган болчу. Бирок бул райондордогу жергиликтүү каршылашуулар 1980-жылдары эле башталган. 

 ЕАЭБдин түзүлүшү Кыргызстандын бажы чек арасындагы тартипти өзгөрттү. Бирок кырдаалды түп-тамырынан башка нукка бурганга жетишпедик. Чек арадагы талаштуу аймактар көбүнчө так ошолор аркылуу өтчү контрабандалык жолдорду пайда кылды. 


Маселени кантип чечүү керек? 

Анклав маселелерин чечүүнүн оңой жолу жок. Анклавдарды өз өлкөсүнүн негизги аймактары менен кошуу үчүн 2000-жылдары башталган жерди алмаштыруу аракети ийгиликтүү болбоду. Башкы себеби – анклавдар аркылуу автоунаа жолдору өтөт, ал Баткен облусунун алыскы райондорун байланыштырат жана буга альтернатива жок. Чек ара жана бажы көзөмөлдөрүн күчөтүүнүн натыйжасы аз болду, ал коррупция үчүн кошумча мүмкүнчүлүктү гана жаратты. 

 Чек ара маселелерин чечүүгө иш жүзүндө ЕАЭБ жардам бере алат. Биримдикке Өзбекстан жана Тажикстандын кошулушу көптөгөн талаштуу маселелерге чекит коймок. Ошондой эле бажы посттору кыскарып, адамдардын жана товарлардын өтүүсүнүн процедурасы жеңилдемек, биринчи кезекте чек ара аймактарынын жашоочулары үчүн.  

 Бирок бул теория гана. Реалдуулукта биздин татаал аймактарыбызда көптөгөн күч жана таасир топтору бар, алар евразиялык интеграцияны колдошпойт. Баардыгы чек араларга тартиптин орношуна каршы болушат, учур учуру менен эзелки жаңжалды жандандырып, таарынычтарды козгоп коюшат.  


Азаптуу ажыроо

Бирдиктүү мамлекеттин курамында (СССР) жергиликтүү тургундарына айылдарынын улуттук курамы административдик бөлүнүүнүн номиналына туура келбегенинен ыңгайсыздык жаралчу эмес. Адамдар негизинен актуалдуу маселелер жөнүндө ойлонушуп, ар башка республикага таандык колхоздор арасында жерлер оңой алмаштырылчу. 

Эгер борбор калаалардын жана ири шаарлардын тургундары 1991-жылы өздөрүн көз карандысыз өлкөнүн жарандары катары сезүүдөн жеңилдик табышса, чек ара аймагынын жашоочулары республикалардын бөлүнүшүн оор кабылдашты. Мурда барып жүргөн жер капысынан эле бөлөк мамлекеттин аймагына айланып, туугандар жана коңшулар бири-бирине чет өлкөлүк болуп чыгышты. А айрымдары тегерегин башка өлкө курчаган аралда калышты. 


СССРдин мурасы

Союз тараган маалда чек араны аныктоодо кайсы бир айыл ири чет өлкөлүк диаспорасы бар кадимки калктуу пунктка айланды. А кайсы бири жергиликтүү калкынын улутуна туура келген мамлекеттин аймагы болуп таанылды. 

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен бир гана Түркмөнстан анклав маселесинин толук бошоно алды. Казакстандын Өзбекстанда эки анклавы бар, бирок өз аймагында башка өлкөнүн анклавдары жок. Тажикстандын ичинде да анклав жок, бирок Өзбекстан бир анклав, Кыргызстан эки анклавга ээ. Ушул эки өлкө баарынан көп жабыр тартты. Өзбекстандын ичинде СССР урагандан кийин бир кыргыз жана бир тажик анклавы калды. Өзбекстандын өзүнүн болсо Кыргызстандын ичиндеги төрт анклавы калды. А биздин Өзбекстанда бир анклавыбыз бар, аймагыбызда төрт өзбек жана эки тажик анклавы турат. 

 2016-жылы бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин Өзбекстан менен Кыргызстандын мамилеси жакшырды. Жаңы президент ошол убактагы президент Алмазбек Атамбаев менен чек аранын 80 пайызын демаркация тууралуу тез эле макулдашты. Бул үмүт жандырды. Бирок көп убакыт өтпөй калган 15 пайыз жер бул өтө талаштуу аймак экени, ал боюнча сүйлөшүүлөр өтө көпкө созулары белгилүү болду. Бирок жакында биздин делегациянын коңшу мамлекетке болгон сапары маселенин ийгиликтүү чечилишине үмүттөндүрүп койду. 


Анклавдар кантип пайда болот жана жоюлат?

“Анклав” термини заманбап жашоодо XVI кылымдын башында колдонула баштаган. Ошол убакта анклавдар феодалдуу системада орун тапкан. Улуттук мамлекеттердин түзүлүшү менен дээрлик баардык феодалдык анклавдар жок болушту же мамлекеттин ичиндегиге айланышты. Айрымдары, Сан-Марино сыяктуулары биздин күнгө чейин анклавдык мамлекет катары сакталып калды. 

Анклавдардын пайда болушунун экинчи этабы колониялык империянын жаралашына байланыштуу. Африка жана Азиядагы басып алынган форпосттор убакыттын өтүшү менен өзүнчө административдик биримдикке айланган. Колониялык системанын урашы менен алардын көбү жанындагы өлкөлөргө сиңип кетишкен. Мындай нерсе негизинен Индиядагы франциялык жана португалиялык ээликтерге таандык. Мисалы, Гоа атактуу курорту 1961-жылга чейин Португалиядагы эксклав болгон. 

Анклавдардын пайда болуусунун жана жоголуусунун акыркы толкуну муздак согуштан кийин жаралды. Анын соңун каршылашуунун башкы символдорунун бири болгон Батыш Берлин анклавын ликвидациялоо коштогон. 

Аймактарды алмаштыруу – анклавдарды жок кылуунун жолдорунун бири гана. Дагы бир вариант – Германияны Чыгыш Пруссиядан ажыраткан жана экинчи дүйнөлүк согуштун от алышына бирден-бир себепкер болгон “поляк коридору” мисалында. Өзгөчө макам менен атайын транспорттук коридор түзүүгө болот.   Ошондой эле анклав эгемендүүлүктү алса өз макамын жоготот. Биздин абалда ушул жол менен барышыбыз керек. Башкача айтканда, кыргыз, өзбек жана тажик анклавдары референдум жолу менен өздөрүн эгемендүү деп жарыялап, бул же тигил мамлекеттин курамына кошула алат. Мындай көрүнүштү Крымдын Россияга кошулушунан таба алабыз. Бизде баардык улут өкүлдөрү саясатта жана башка тармактарда бирдей укукка ээ. Кыргыздар Өзбекстанда жана Тажикстанда да аралашып жашашып, алар да ушундай тең укуктуу болушкан. Бул маселеде талаш жок. Анан албетте, маселени чечүүгө Москваны тартуу керек, ал аскердик сценарий үчүн керек. 

А жалпысынан кайсы жерде жашабайлы, биз бул жашоодо баарыбыз убактылуубуз, кайсы бир күнү түбөлүк сапарга жол тартабыз.


Бакыт Бакетаев, саясат таануучу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер