Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Кастинг аркылуу күйөө издеген кыз Ок атуу спорту федерациясынын президенти болду
Кастинг аркылуу күйөө издеген кыз Ок атуу спорту федерациясынын президенти болду
05-июль, 18:13

Жибек Молдоева Кыргызстандын Ок атуу спорту федерациясынын президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу федерациядан билдиришти.
2-июлда Бишкекте федерациянын отчеттук-шайлоо конференциясы болуп өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, Жибек Молдоева президент, Айзада Абдыкеримова биринчи вице-президент, Тахир Исмаилов вице-президент болуп шайланды.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында Шаршенбек Абдыкеримов кызы Жибек Молдоевага күйөө издеп, кастинг жарыялаган. Кийинчерээк Жибек кызы эмес, тууганы экени жана айтылуу кастинг пиар кампаниясынын алкагында жасалганы белгилүү болгон.