Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канар аралдарында жанар тоо атылып, миңдеген адам эвакуацияланды

Канар аралдарында жанар тоо атылып, миңдеген адам эвакуацияланды

20-сентябрь, 17:53
1 081 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Канар архипелагынын тутумуна кирген Ла-Пальма аралында жанар тоо атылып, 19-сентябрда төрт кыштактын тургундары коопсуз жайга көчүрүлдү.

Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санчес Ла-Пальма аралына жергиликтүү бийлик менен шашылыш сүйлөшүү жүргүзүү үчүн барды. Канар аралдарынын президенти Анхель Виктор Торрестин айтымында, беш миңдей киши эвакуацияланды.

Окумуштуулар өткөн жумада жанар тоо жайгашкан аймакта 22 миңден көп жолу жер силкингенин байкашкан. Вулкандын атылышына жердин титиреши түрткү болгону маалымдалды. Соңку ирет жанар тоо 1971-жылы атылган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер