Акыркы кабарлар
» Саясат » Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Жетигеновду абактан бошотуу чечимин кабыл алды
Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Жетигеновду абактан бошотуу чечимин кабыл алды
22-декабрь, 12:02

Анын кармалышынын мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссиянын жетекчиси Айсулуу Мамашова депутат бийликти басып алууга даярданбаганы жана мыйзамсыз негизде кармалганы аныкталганын билдирди.
Натыйжада комиссия Жетигеновду токтоосуз негизде бошотуу боюнча токтом долбоорун алып чыкты. Ага 88 эл өкүлү “макул”, бирөө “каршы” добуш берди.
Белгилей кетсек, Бакыт Жетигенов “бийликти басып алууга белсенген” деген шек менен 2020-жылдын 26-декабрында кармалган.
8-декабрда парламенттик комиссия Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров мыйзамсыз кармалган деген тыянак чыгарган. Анын негизинде аталган депутаттар абактан бошотулган.