Талаштуу мыйзам
Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору коомдо курч сын пикир жаратты. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров долбоордун үстүндө иштеген жумушчу топтун мөөнөтүн төрт айга узартты.
Жергиликтүү жана эл аралык уюмдар бул долбоорго карата тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин аны кабыл албоого үндөгөн. Талаштуу мыйзам долбоорунун айланасында коомдук сын пикир курчуган маалда президент аны кароо мөөнөтүн узартканын жарандык коом кош колдоп кабыл алды.
“Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкө болгондуктан Россиядан көз карандылыгы бар. Алар өз өлкөсүндө кылып жаткан өзгөчө бир саясый климатты бизге да акырындап таңуулап атат. Бул өтө негативдүү тенденция. Биз өзүбүздүн саясатты алып барууда эл аралык келишимдерди ратификация кылганбыз да, ошолорду карашыбыз керек. Эл аралык коомчулукта демократиялык укуктук статусубузду сактап калышыбыз абзел. Бирөөнү туурап, сапаттуу эмес, өлкө келечегине опурталдуу мыйзамдарды киргизбешибиз керек” деди юрист, жумушчу топтун мүчөсү Таттыбүбү Эргешбаева,
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча Россиядагыдай бейөкмөт уюмдарына “чет өлкөлүк агент" макамы берүү каралган. Бирок, документтин соңку редакциясында анын ордуна “чет өлкөлүк өкүл" түшүнүгү киргизилди. Учурда бейөкмөт уюмдар мамлекеттик органдарга финансылык отчет берип турат. Ошого карабастан, долбоордо бейөкмөт уюмдардын каржы булактарына жана каражат кандай максатта жумшалып жатканына чейин көзөмөл кылуу каралууда.
“Мамлекеттин бүтүндүгү, коопсуздугу үчүн мамлекетте тартип, көзөмөлдү күчөтүп, кайсы жактан кандай адамдар эмне максат менен келип атканын элге ачык көрсөтүп, мамлекет тарабынан көзөмөл болсун деген максатта бул мыйзамдын долбоорун иштеп чыктым” дейт ЖК депутат Надира Нарматова.
Документке Нарматовадан тышкары дагы отуздай депутат демилгечи болуп, кийин алардын тогузу чыгып кеткен. Бул мыйзам долбоору “бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү ашкере күчөтөт” деп сынга кабылды. Андагы ашыкча чектөөлөр, укук коргоо органдарына “бөрк ал десе баш алууга” шылтоо болчу нормалар бар экени активисттерди кооптондурууда.
“Акча туура жумшалган эмес”, “отчет убагында тапшырылган эмес”, “каржы булактары ачыкталган эмес” деген өңдүү шылтоолор менен кылмыш ишин козгогусу келсе, кандай гана бейөкмөт уюм болбосун иш табат. Он жылга чейин эркинен ажыратууга болот делет. “Үчүнчү тарап” деген түшүнүк кирип атат” дейт укук коргоочу Азиза Абдирасулова.
Юристтер бул мыйзам долбоору Россиянын бейөкмөт уюмдары тууралуу мыйзамынын көчүрмөсү экенин айтып чыгышкан. Мындан улам жарандык коомдун көзүнө бул демилгенин артында Кремлдин карааны көрүнүүдө.
Кыргызстанда он жети миңден ашык ар кандай бейөкмөт уюмдар катталган, анын ичинен миңге жакыны активдүү иш алып барат. Биздеги бейөкмөт уюмдар Борбор Азия аймагындагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу активдүү ишмердүүлүгү менен айырмаланат.
Би Би Си кыргыз кызматы