Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Тилибиз кор болду... Жалаң мигранттарды чыгара турган өлкөгө айланып баратабыз”

“Тилибиз кор болду... Жалаң мигранттарды чыгара турган өлкөгө айланып баратабыз”

17-сентябрь, 19:08
1 514 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тилге болгон мамилебиз мышык ыйларлык абалда. Жакынкы кошуна өлкөлөрдөй тейлөө тармагында тилибизге болгон талап жок. Айтканыбыз да жок. Бирок кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган жараныбыз камакта жатат. Жөн гана эскертүү берсек кандай болор эле? Жакында дагы бир окуяга дуушар болдум. Уулум мектеп босогосун аттап, алгач ата-энелер чогулушу өттү. “Биз орус класска бермек элек. Жазында эле орун калбай калыптыр. Айла жок кыргыз класска берип жатабыз” деп ата-энелер ызылдашат. Мындай жүрүш менен дагы он жылдан кийин кандай абалга тушугабыз? Тилчи болбосо да тилин сүйгөн, элин сүйгөн мекенчил, кыргыз кыйырына таанымал инсандарыбыздын тилибиз тууралуу пикирлерин уктук.

Калдарбек Абдраманов, башкы кардиохирург:

-- Албетте, 10 миң жыл жоголбогон тилди “өлүк” деп айтканга болбойт. Кыргыз тили ийкемдүү. Мисалы, башка тилдерден айырмаланып, кыргызча бир эле маанини бир канча сөз менен айта алабыз д.у.с., тилчилер чечмелеген сонун жагдайлар арбын. Бирок өкүнүчтүүсү, азыр шаарда жүз миңдеген жаштар, балдар кыргыз тилинде сүйлөмөк турсун түшүнбөй баратат. Бишкекте 100 орто мектептин болгону 6 мектебинде толук кыргызча окутат. Толук кыргызча бала бакчалар дээрлик жокко эсе! Бул эмне, тилибиздин “өлгөнү” эмеспи!? Анан кантип кыргыз тили толук кандуу өнүгөт эле? Чычалабай, кемчиликтерди мамлекеттик деңгээлде чечиш керек, антпесе 10-20 жылда чын эле тилибизди кыргыздар өзүбүз өлтүрөбүз! 

Жыргалбек Касаболотов, журналист, аналитик:

-- Ушул тапта кыргыз тилинин маселелери аябай көп. Эң эле биринчи маселе орус тилинин расмий статусуна байланышкан маселе. 

Орус тилинин расмий статусу алына элек болгондуктан, иш кагаздарынын көбү орус тилинде даярдалып, андан соң кыргызчага которулуп жатат. Ушунун өзү эле кыргыз тилинин иш кагаздарына айланышына чоң кедергисин тийгизүүдө. Бизде негизги маалымат берүүчү тарап басма сөз кызматтары болгондуктан, адегенде орусча даярдап, андан соң гана кыргызча беришет. Башкача айтканда, аудиторияга начар варианты жетет. Мыйзамдардын көбү дагы орусча даярдалып, элге жеткирерде гана айла жоктон кыргызчага которуп коюп жатышат. Бул – иш кагаздарын кыргызча түзүүнүн практикасы таптакыр жок деген сөз. 

Экинчиден, мунун кыйыр дагы таасири бар. Кыйыр таасири мындай: кыргыз тилинин грамматикасы орус тилине баш ийип калууда. Которулган сүйлөмдөрдүн көбү орус тилине баш ийген сүйлөмдөр. “Тил котормолор агенттиги” деген сыяктуу тантык котормолор көбөйдү. Же болбосо “акча которуулар” деген сыяктуу. 

Эми ушундай акыбалда кыргыз тилинин ролун көтөрө албай кыйналсак, кыргыз тилин иш кагаздарынын тилине айландыра албай жатсак, ансыз деле кыргыз мектептер, бала бакчалар аз экендигин эске албастан дагы 44 орус мектебин ачууга белсенип жаткандары кандай? Негизи бул кыргыз тилинин келечегине зыян. Бишкектин көп жерин түрө кыдырып отуруп, алгылыктуу деңгээлде тарбия бере турган кыргыз тилдүү бала бакчаларын таппайсын. Эң эле ашып кетсе аралаш же көпчүлүгү орусча. 

Мунун саясый, экономикалык дагы себептери бар. Өкмөттүн экономиканы өнүктүрүү программасы жок болгондуктан, же болбосо ишке ашпай жаткандыктан, Кыргызстан жалаң мигранттарды чыгара турган өлкөгө айланды. Азыр көпчүлүк ата-энелер “Россияга эле барсын” деп балдарын орусча окутканга аракет кылып жатышат. Бул тилге да, экономикага да, Кыргызстандын демографиясына да зыян. 

Ошондуктан, эки чоң маселени чечүү шарт. Биринчиси – кыргыздар Кыргызстанда жүрүп, экономикалык маселесин чечкидей шарт түзүш керек. Миграциядагылар кайтып келгидей болушу зарыл. Экинчиден, орус тилинин расмий статусун алып салуу – мезгилдин талабы. Иш кагаздарын толугу менен кыргызча түзүп, маалымат өзү кыргыз тилинде даярдалып, андан кийин гана каалаган тилине которулгудай болушу шарт. Ошого өтмөйүнчө кыргыз тилинин келечеги болбойт. 

Кыргыз тилине тескери таасир тийгизип жаткан 2-3 чоң маселе бар. Бул биринчиден, орус тилинин жана араб тилинин таасири. Биздин тилибиз орусташып жана арабдашып баратат. Ушул нерсени эске албасак болбойт. Бул үчүн мамлекеттин башында тургандардын саясый эрки керек. Бирок андай эрк, мекенчилдик отуз жылдан бери байкала элек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер