Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тилчи Турусбек Маразыков президенттин саясатына каршыбы?

Тилчи Турусбек Маразыков президенттин саясатына каршыбы?

05-апрель, 09:00
558 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
27-мартта УТРКнын маданият каналында кыргыз тилинин абалы, көйгөйлөрү боюнча берүүдө Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору Турусбек Маразыков “расмий тил деген болбош керек, ошонун айынан Баткендеги айылдарда кыргыз балдардын тили орус тилинде чыгып жатат. Орус тилине расмий тил деген макам бербеш керек” дегендей сүйлөдү. Турусбек Маразыков кыргыз тили боюнча реалдуу кырдаалды билбей турганы ушул жерден ачык көрүндү. Анткени айылдарда наристелердин тили мамлекеттик тилде чыгып жатканынан кабардар эмес экен. Андан кийин президент Садыр Жапаров “расмий тилдин макамынан саясат чыгарып, чайкоочулук кылгандарга Конституциянын гаранты катары жол бербейм” деди. “Чала молдо дин бузат” болуп, Турусбек Маразыков тилдерди бири-бирине карама-каршы коюп жатканынын себеби, ал кыргыз тилин Б.Юнусалиев же Ж.Мукамбаев сыяктуу изилдеген эмес, анын текст боюнча Москва илимий мектебинин эмгектерине таянып, эпигончулук менен докторлук диссертациясын жазган, анысын адегенде үч китеп кылып, андан кийин беш главасын беш китеп кылып чыгарып, шылуундук менен илимий эмгектеринин санын эптеп көбөйтүп жүргөн “илимпоздордун” бири. Мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү боюнча изилдөөсү жок, иликтебесе ал кайдан жүрүп анын көйгөйлөрүн билмек эле? Ойду-тоону сүйлөй берет да. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер