Ачык асманды, эркиндикти, табигаттын сулуулугун сез!
Ким дайым аракетте болсо ал жарыкты көрөт. Күңүрттөнгөн, караңгы тартып бараткан жашоодон, күндөрдөн шооланы көрөт.
Айрым учурда баардык нерсе кызыксыз болуп калат. Өзүбүздү жарык дүйнөдө жапжалгыз калгандай сезебиз. Көңүл чөгөт. Жашоонун кунары качат. Турмушубуздан каталарды кетиребиз. Бири-бирибиздин жүрөгүбүздү оорутабыз. Көңүлүн калтырабыз. Азаптарга салабыз.
Ар кимдин өз тагдыры бар. Ал тагдырдан эч кайда качып кете албайбыз. Жашоону жакшы көр! Тирүүлүктү сүй! Катарыңдагы, жаныңдагы адамдарды сүй! Жек көрүү сезимдерин сезимдерден чийип ташта. Кечиргенди, түшүнгөндү, жакшы көргөндү үйрөн. Анан да өзүңө ишен. Өзүңө ишенсең мындан аркы жашоо жолдору көрүнө баштайт. Караңгылыкка жарык кире баштайт.
Кыйынчылыкты жеңгенди, жолуккан тоскоолдуктарды жиреп өткөндү үйрөн! Ачык асманды, эркиндикти, табигаттын сулуулугун сез. Музыка ук. Ал жандүйнөңдү эс алдырат. Башка дүйнөгө жетелейт. Алсырап турганыңда күч берет, шыктандырат.
Башкалар карап турса сен да тура бербе. Кыймылда. Чурка. Кыймыл – бул жашоо, бактылуу жашоо.
Кандай сезимдерде жашап жатканыңды ачык айт. Таарынчтарыңды жүрөккө сактаба. Баарын төгүп айтып сал. Жеңилдеп каласың.
Терең дем ал. Жылмай. Жашооңдун ар бир ирмеминен ырахат ал. Ар бир ирмемге кубанып жаша.
Кырсыктар, кайгылар, оорулар, таарынычтар ар бир ирмемде күтүп турат. Эртең кандай күн болорун эч ким билбейт. Жакын адамыңды бүгүн баала. Ал керек экенин бүгүн айтып кал. Балким эртең бир кучактоого, жүзүнөн бир сүйүүгө, жакшы сөзүңдү айтып алууга зар болосуң. Керектүү адамыңа бүгүн көңүл бур. Бүгүн баала. Баарын дал ушул учурда, ушул мүнөттөрдө башта.
Даярдаган Жамиля НУРМАНБЕТОВА
"Азия Ньюс" гезити