Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Феликс Кулов: “Вождизм болбойт. Бизде башка принциптер бар...”

Феликс Кулов: “Вождизм болбойт. Бизде башка принциптер бар...”

29-май, 01:45
586 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Феликс Шаршенбаевич, россиялык саясат таануучу Александр Кынев  “Кыргызстанда партиялык система жок, саясый уюмдардын баары жолбашчылык тибинде. Лидери жок алар эчтекеге жарабайт, жок болуп кетет” деген пикир айтты. Партия лидери катары сиз буга кандай дейсиз?

-- Анын айтканы 90 пайыз туура. Эмне үчүн? Биринчиден, биз партиялык парламенттин тажрыйбасын жаңыдан гана жыйнап келатабыз. Россияда деле ошондой. Мисалы, ЛДПР бир лидердин – Жириновскийдин партиясы. Улуу Британиядагыдай партия болуш үчүн убакыт керек. Партиялык система дароо эле курула койбойт. Парламент партиялык тизме менен шайлана баштаганына 10 гана жыл болду. Бул арада ыңкылап болуп, ал да партиялык системанын нормалдуу калыптанышына тоскоол болду. Менин оюмча, эмки шайлоо бир аз башкачарак болот. Керек болсо Россиядан да озуп кетишибиз мүмкүн. 

-- Кечирип коюңуз, сиз өзүңүздү жолбашчы катары эсептейсизби?

-- Жок, тескерисинче. Парламентте фракцияны жетектеп турганда “мен аздыр- көптүр белгилүү кишимин, ошондуктан аз сүйлөп, көп учурда унчукпай отурайын, силер сүйлөгүлө” дечүмүн. Биздин “ар-намысчылар” эң күчтүү депутаттар эле. Алардын жетөө азыркы парламентте башка фракциялардан депутат болуп отурушат. Бул аларды баалагандык да. Биз азыр жаңы шайлоого даярданып жатабыз. Вождизм болбойт. Башка принциптер болот. Ал тууралуу мен сизге  кийинчерээк айтып берем. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер