Генерал Элмурза Сатыбалдиев саясый тарыхка өзгөчө из салды
Бир мандаттуу Өзгөн округунан Элмурза Сатыбалдиев жалгыз талапкер катары чыгып, 22 миңден ашык добуш алды. Атаандашсыз мандатка жетүү саясый тарыхыбызда болбоптур. Албетте, ат салыша тургандар чекеден эле чыгышмак, бирок генерал Сатыбалдиевдин кадыр-баркын, элине сиңирген эмгегин ойлошуп, баары бир утулуп калышарын сезгендер жолтоо болушкан жок. Кыргыздын нарктуу, баатыр мүнөз уулуна ушундай урмат-сый жасаларын тарыхтан гана окуп келсек, эми реалдуу турмуштан көрдүк. Негизи Элмурза Сатыбалдиевдин башынан ооматтуу кезеңге аралаш сыноолор да өтүп, кыйла эле турмуштун тарбиясын алып келатат. Эң башкысы, ал сейрек тагдырдын күбөсү. Кудай сүйгөн пендесине оош-кыйыш күндөрдү ыроологону менен жакшылыктын да жарчысы болоруна жол ачып койгондой. Эми накта эл өкүлү катары кызмат кылып бериңиз!
"Азия Ньюс" гезити