Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийликтин жасалма лидерине айланган Жеңиш Молдокматовдун жели чыгабы?

Бийликтин жасалма лидерине айланган Жеңиш Молдокматовдун жели чыгабы?

11-октябрь, 01:12
700 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жеңил пиар элге жукпасын кийинки чыгып келаткан саясатчы болумуштар түшүнүшпөйт окшойт. Соңку жылдары “Замандаш” партиясына мине калып, бийликтин колдоосу менен жасалма түрдө коомдук ишмерге айланып келаткан Жеңиш Молдокматовду мисалга алалы. Башта кожоюндар Молдокматовду белгилүү эксперттердин, депутаттардын катарына коштуруп, жаттама ой-пикирин айттырып келген. Эми болсо саясатчылар аны мактай башташыптыр. Таппасаң сыйпалап кал! Лидер деген жеңил-желпи эле чыга калып, оңой-олтоң ордун таба калбайт да. “Куурчак каармандарды” Акаев, Бакиев жана Атамбаев да жасаган, алар кайда азырКачып жоголушкан, же эл карай албай жүрүшөт, айрымдары түрмөдө отурушат. Адатта, бийлик кайсы бир саясатчыны жөлөп-таяп, административдик ресурс менен элге кошсо да, аягы оор шарттардан сынып калары шексиз. Жеңиш Молдокматовдун элге кандай эмгеги сиңгенин билбейбиз, бирок өзүн барандуу көрсөткөнгө далалаттанганы, кимдир бирөөлөрдү туураганы, жаңы муундун эң алдыңкы өкүлү катары көрүнүүгө жанталашканы байкалат. “Таанышың болсо таңкасың” деген түр менен канчага чейин жүрөр экен? Башкасын айтпасак да, партия лидери болуу үчүн өз алдынча чыкса болбойт белеАйталы, Канатбек Исаев “Кыргызстанды”, Алтынбек Сулайманов “Бир Болду”, Бакыт Төрөбаев “Өнүгүү-Прогрессти” түптөгөнү белгилүү. Ал эми Жеңиш Молдокматов раматылык Мухтар Өмүракуновдун “Замандашына” ээ боло калып, даяр оокаттын үстүнөн чыккандай образды жаратып атпайбы, туурабы? Бийлик бир жагынан көчүгүнөн түртүп атса, эл деле баарына күбө болуп атат да, эртең көпчүлүк катмар тескери бурулуп кетишсечи? Бул жагын азырынча эч ким эсепке албай атат, шайлоо жакындаганы дагы далай былыгы чыгып, оңкосунан кетип, очорулган бойдон турбай калбайбы?..

“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер