Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кадыр Кошалиев: “Реалдуу турмушка келгенде Башмыйзамдын оң-терс жактары көрүнө баштады”

Кадыр Кошалиев: “Реалдуу турмушка келгенде Башмыйзамдын оң-терс жактары көрүнө баштады”

29-июль, 19:09
1 892 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айрым мамлекеттик чиновниктерге кол тийбестик берүү тууралуу мыйзам долбоору сунушталып, бирок ал депутаттар тарабынан артка кайтарылды. Мындай долбоорду иштеп чыгууга кандай негиздер түрткү болду?

-- Эл менен бийликтин ортосундагы ажырымды бекемдөөнүн мүмкүн болгон баардык рычагдарын колдонуш керек. Бул жагынан макулмун. Анткени бийликтин аброюн көтөрүү зарыл. Бирок, мамлекеттик чиновниктерге кол тийбестикти берүү – болбогон нерсе. Керек болсо Жогорку Кеңештин депутаттарынан кол тийбестикти алыш керек да... Мамлекеттин бийликтин вертикалдарын бекемдөө жөнүндө оюн аргумент кылып айтып атышат. Бирок, ага кол тийбестиктин кереги жок. Болгону бийлик элге ачык-айкын кызмат кылып, жашоо-турмушту оңдосо эле бийликтин аброю көтөрүлөт. 

-- Шайлоо мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу кандай пикирдесиз?

-- Конституциялык кеңешмеде мен да мүчө болдум. Ал жердеги талаш-тартыш артта калды. Мен аны кайра көтөргүм келбейт. Бирок, реалдуу турмушка келгенде Башмыйзамдын өзүнүн оң-терс жактары көрүнө баштады. Ошол эле шайлоо системасы боюнча: 45и партиядан, 45и түз шайланып келет деп дароо эле ачык жазып коюш керек эле. Ошондо кайсынысы туура экени көрүнмөк. Азыр болсо 55, 35 болуп, дагы деле партиялардын мүмкүнчүлүгү жогору бойдон калып калды. Негизи бийлик менен элдин ажырымын жасалма жол менен эмес, эл ишенимин бекемдөө ыкмасы менен камсыздаш керек эле. 

-- Азыркы парламентте жана күздө шайланып келе турган депутаттарда кандай айырмачылыктар, артыкчылык менен кемчиликтер болушу мүмкүн?

-- Эгерде биз системаны, мамлекеттик саясатты, идеологияны кыргыз элинин улуттук менталитетине жараша багытка бурсак, анда түзөлө баштайт. Бара-бара баары ордуна келет. Ал эми бул процесс канчага созулары белгисиз. Бирок, ушу жолу эле оңолуп каларына суроолор көп....


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер