“Өнүккөн өлкөлөрдүн жолу менен кетебизби же Тажикстан, Түркмөнстан болобузбу?”

-- Оппозиция жок, бийликке сын-пикир айткандар тыйылып, “кулак-мурун кескендей” тунжуроо менен кайда барабыз? Мактоо, кошоматчылык менен өнүгүүгө болобу?
Мавлян Аскарбеков, оппозиционер:
-- “Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” дейт кыргыздар. Баарыбыз пендебиз, Мессия эмеспиз. Өз ара, үй-бүлөдө, дос арасы жаңылыштык болсо, ошолордун маселеси, ал эми мамлекет башчы жаңылса, 7 миллион элдин көйгөйү.
Фактыларды келтирейин, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түндүк Корея – оппозиция жок өлкөлөр. Булар жакында өнүкпөйт, келечек жок, бүгүн оппозиция, эртеңки күндүн лидерлери жок. Европа, Америка, Канада оппозиция бийлик менен конструктивдүү күрөшүп, сындап, сунуштап, өлкө өнүгүүсүнө салым кошууда, жыйынтыгы демократиялык өнүккөн өлкөлөр.
Бизде бир топ жылыштар, жакшы жыйынтыктуу иштер болду, бирок 200 фейк менен өзүбүздү өзүбүз мактатканда, кошоматчы, конъюнктурщиктердин сөзүнө киргенде чоң жаңылыштык болору шексиз.
Бийлик, коом, эл да альтернативалуу ойлорду, сунуштарды, сындарды угуп туруусу керек. Бийлик саясатын туура жүргүзсө, уурулукка, коррупцияга аралашпаса, жашыра турган маселе болбосо, эл оппозицияны эмес, бийликти өзү эле колдоп алат. Бийлик да, эл дагы түшүнүүсү зарыл, биз өнүккөн өлкөлөрдүн жолу менен кетебизби же Тажикстан, Түркмөнстан болобузбу?
Шайлообек Атазов, экс-депутат:
-- Мактоого, кошоматчылык кылууга бир гана Аллах татыктуу! Өз бактысы үчүн күрөшпөгөн эл бактылуу болууга акысы жок.
Айпери Асылбекова
"Азия Ньюс" гезити