Султанбай Айжигитов: “Биздин көп аткаминерлердин бизнестери импорт менен байланыштуу”

-- Акыркы кездерде бир катар азык-түлүк товарлары, өзгөчө өсүмдүк майы менен кумшекердин баасы аябай кымбаттады. Башкасы кымбаттаса да, өлкөдө өсүмдүк майы менен кумшекердин баасы өспөшү керек эле да...
-- Токсонунчу жылдарда деле ушундай кырдаал түзүлгөндө, өзүбүздү май менен толук эле камсыздап койгонбуз. Бирок, кийин гуманитардык жардам түрүндө чет өлкөдөн алып келип атып, бүт өндүрүшүбүздү өлтүрүп албадыкпы. Товардык дефициттин себеби, биз өзбүздүн өндүрүшкө көңүл бурбаганыбыздан. Өндүрүштү өнүктүрүү боюнча реалдуу планыбыз жоктугунан. Бюджеттин, элдин акчасын бирөөнүн өндүрүшүн колдоого эле жумшап жатабыз да. Эмне үчүн ошол каражатты өзүбүздүн өндүрүшкө жумшасак болбойт? Ошол эле акчаларды төрт пайыздан ашпаган процент менен дыйкандарга берсек, май чыгаруучу мини цехтер менен эле меселени чечип койсок болот. Өндүрүштү колдобой жаткандарынын себеби, биздин көп аткаминерлердин бизнестери импорт менен байланыштуу. Ошондуктан, алар өзүбүздүн өндүрүштү өнүктүрүүгө кызыкдар эмес.
-- Кара-Сууда чигиттен май чыгарчу завод бар эле. Ошондой ишкана бүгүн да керек болуп турат го, кандай дейсиз?
-- Албетте, Кара-Суудагы май заводду гана эмес, баардык ишканаларды кайра жандандыруу керек. Ар бир айылда мини цехтер ачылса, жумуш орундары да түзүлөт, салык да түшөт. Май чыгаруунун эч кандай кыйынчылыгы деле жок, жабдуулар деле анчалык кымбат эмес. Бул космостук аппаратты, же болбосо татаал жогорку технологиялуу жабдууларды деле талап кылбайт. Шекерди деле, дегеле азык-түлүк көйгөйүн биз оңой эле чечип койсок болот. Анүчүн буга көңүл буруп, план менен иштеш керек. Ошондуктан, Кыргызстанда стратегиялык пландоо жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун демилегелеп жатам. Себеби, биз отуз жылдан бери “рынок баарын чечет” деп өзүбүздүн өнүгүүбүздү кайдыгерликке таштап койгонбуз. Рынок чечпейт. Бүгүн күндө өнүгүүнү иретке сала турган, жөндөп турчу мыйзамыбыз жок. Ошондуктан, мен сунуштаган мыйзам долбоору өтчү болсо, Кыргызстандын экономикасына чоң түрткү берет деп ойлойм.
"Азия Ньюс" гезити