Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турмушка чыккан айым 12 сааттан кийин уйку безинин рагынан көз жумду

Турмушка чыккан айым 12 сааттан кийин уйку безинин рагынан көз жумду

26-май, 19:31
713 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуу Британиянын Сток-на-Трент шаарында жашаган төрт баланын энеси Мэри Коллинз турмушка чыгып, 12 сааттан кийин уйку безинин рагынан көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 51 жаштагы Мэри Коллинз 14 жыл чогуу жашаган сүйүктүүсү Стивен менен никесин мыйзамдаштырып, үйлөнүү үлпөтүн белгилешкен. Той июль айында өтмөк, бирок айыккыс дартка чалдыккан аялдын абалы кескин начарлап кеткендиктен, 1-майга белгиленген. 2-майга караган түнү ал каза болгон. Мэриге 2018-жылы уйку безиндеги залалдуу шишик дарты коюлган.

Жаңы үйлөнгөндөрдүн тоюна алардын ата-энелери, жакындары катышты. Сүйүшкөндөр 14 жылдык мамилеси учурунда төрт балалуу болушкан.

Биз акыры баш кошконубузда ал төбөсү көккө жеткенче сүйүндү. Ал абдан чечкиндүү болчу жана эч нерсе болбогондой шишик менен күрөштү деген жолдошу Стивен.

“Супер кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер