Ташиевдин “саясый жаназасы” окулганы калыптыр

УКМК курамынан АКС жоюлуп, төрага Камчыбек Ташиевдин маанайы түшүп, колундагы “рычагын” алдырып жибергенине капа болгонун укканбыз. Көп өтпөй Европага дарыланганы кетип, орто жерден бийликтеги интригандарга да жакпай калыптыр. “Эл катары Кыргызстандан эле дарыланбайбы? Акчаны басып, чет өлкөлөп саякаттай береби? Ушунуку эле жыргал!” дегендер ачык айта алышпаса да өз ара күмпүңдөшүп, күйгүлтүккө түшкөндөрү жашыруун эмес. Анан калса, дагы бир бүйүр кызыткан кепти ортого салалы. “Көлдүктөрдүн аксакалдар кеңешине” Ташиев кокого сайылган кылкандай сезилип, “саясый жаназасы” окулары алдыртан айтыла баштаганы эмнеси? Айтор, колу-буту тушалган Камчыке деле көпкө узабай, бийлик короосунан сүрүлөрү жакындап калган сыягындай...
Эң олуттуу жагдай, Орхан Инандыны Түркиянын атайын кызматтары Кыргызстандан уурдап кетишкени эки достун ортосуна чоң суроо жаратууда. Купуя сыр бир күнү ачыкталабы? Бул жоболоңдуу ишти президент билбей калганбы?..
"Азия Ньюс" гезити