» Саясат » Министрдин орун басары Абдиев кылмышкерди кармоого өзү киришти
Министрдин орун басары Абдиев кылмышкерди кармоого өзү киришти
09-июнь, 09:00
689 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ысык-Атанын шалдыраган РИИБ начальниги оор кылмышка шектүү адамды качырып жибериптир. Бул өлкөгө резонанс берди. Адам өлтүрүүгө шектелген жаран эл аралап жүрөт. Мындай шартта ИИМдин орун басары Нурбек Абдиев кармоо операциясын уштуруп, өзү баш болуп тез арада качкынды кармашты. Чындыгында кызык эле. ИИМдин орун басары кылмышкерди кубалап жүргөнүн элестеткиле... Мындай тарыхта болгон эмес. Ал кабинетинде чиренип отурса болмок, буйрук берип коюп. А иш жүзүндө Нурбек мырза кармоо, курчоо иш-чараларын уюштуруп, оперлер менен тең жарышып жүргөнү кубандырат. Министр Улан Ниязбековдун чыныгы күйөрманы, жандоочусу. Мындай ак жүрөк милиционерге генерал-лейтенант наамын берсе жарашат. Алга, атадан артык уул! Кыргыз эли ушундай баа берчү эле...