Акыркы кабарлар
» Саясат » Күздөгү шайлоого Марлен Маматалиев даяр. Аргымакка камчы гана керек!
Күздөгү шайлоого Марлен Маматалиев даяр. Аргымакка камчы гана керек!
22-июль, 19:43
1 884 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Ынтымак” партиясын Бишкек шаардык кеңешине өткөргөн Марлен Маматалиев саясаттын мындан да терең кумарына сүңгүп, күздөгү аламанга белин бекем бууп турган чагы. Учурда активдүү аракеттерге өткөнү жашыруун эмес. Бизге жеткен маалыматтар боюнча токтолсок, Марлен Маматалиев “Ынтымак” партиясына Чүйдөн, Бишкектен туруктуу талапкерлерге токтоло элек. Таразадан өткөрүп атат. Ал эми Ысык-Көл, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткенден таасирдүү жаштарды, капчыктууларды таап койгон. Аталган облустардын райондоруна чейин иштей турган өкүлдөрүн катташып, активисттерине чейин тактап атканы жөн эмес да. Аныгында, күздөгү парламенттик шайлоодо Марлен Маматалиев оңой жоо болбосо керек.
"Азия Ньюс" гезити