Акыркы кабарлар
» Саясат » Губернатор Илияз Иманбетовдун ордун Жапарбек Ормонов тартып алганы калды окшойт
Губернатор Илияз Иманбетовдун ордун Жапарбек Ормонов тартып алганы калды окшойт
25-октябрь, 09:00

“Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат” дейт. Анын сыңарындай, Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов аймактын кыныгын алып, чоңдорго жагынуу менен иштеп, келаткан сезонго чейин карьералык секирик жасаганга далбас ура баштаптыр. Бул эргул 2010-жылдан кийин ирденип, шопур Икрамдын тилин таап, КСДПнын Оштогу тескөөчүсүнө айланып, шайлоолордун “шайтанын” чыгарып жүрүп, боор көтөргөн эмеспи? Кийин Сокенин тилин тапкан, анан Садыр Жапаровдун ишенимине кирип, кичи мекенин башкарууда. “Майлуу жыт” чыккан жерден четте калбайт тура. Алгач Чолпон-Ата шаарына мэр болуп, бюджеттин акчасы менен гүл өстүрүп, оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүп, көзгө көрүнө калган. Учурда аким катары томполоңдоп жүрөт. Жапарбек ушунчалык эпчил эй, бир чети жанталаша иштеп (курсагы да тоюп атат да), Ысык-Көл губернаторлугун мелжеп калганы айтылууда. Ал жерде отурган Илияз Иманбетовдун ысык эле жаны бар экен. Иштей албай баарын артка тартты. Эми креслосун Жапарбек Ормоновго бошотуп бергени калды окшойт. "Азия Ньюс" гезити











