Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Парламентте Баткенди калыбына келтирүү ишин сындашты

Парламентте Баткенди калыбына келтирүү ишин сындашты

15-ноябрь, 17:12
176 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Финансы министрлиги Баткен облусунда чек ара чырында талкаланган турак жайды курууга 1 млрд. сом, жолду, көпүрөлөрдү оңдоо үчүн 365 млн. сом, чек ара постторун калыбына келтирүү үчүн чек ара кызматына 129 млн. сом, ички иштер министрлигине (ИИМ) 137 млн. сом бөлүнгөнүн билдирди.

Архитектура, курулуш, турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Жолдошбек Абдыраевдин сөзүнө караганда, Баткенде салына турган 420 үйдүн 409унда жумуштар жүрүп жатат.

“55 турак жайдын пайдубалы тургузулууда. 170 үйдүн пайдубалы бүткөн. 161инин дубалы тургузулуп, 21 үйдүн дубалы бүткөрүлүп, эки тамдын чатыры жабылды. Андан тышкары, эки мектеп, беш бала бакча жана бир ФАПтын имараты оңдолду” деди Абдыраев.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 15-ноябрда өткөн жыйынында айрым депутаттар Баткенди калыбына келтирүү иштери жай жүрүп жатканын сындашты.

Депутат Ырысбек Атажанов чек ара чырында күйүп кеткен үйлөрдүн ичинен пайдубалы кыймылдай электери барын айтты. Дагы бир депутат Шайлообек Атазов да ушундай эле маселени көтөрдү.

“Мамлекеттен бөлүнгөн акчаны убал кылбаңыздар. Үйлөрү бүтпөй эл суукта калып атат. Мектеп менен бала бакчаны айтпай эле коёлу. Эки айдан бери турак жайларды салып бербей, анан “пайдубалын тургуздук” деп отурасыңар”.

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары, 206 киши ар кандай жараат алган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер