Акыркы кабарлар
» Саясат » Ден соолугун чыңдап алган соң, Атамбаев кайра баштайбы?..
Ден соолугун чыңдап алган соң, Атамбаев кайра баштайбы?..
01-август, 22:26
422 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Дарыланууга кеткен Алмазбек Атамбаевдин дайыны билинбей калганына электораты, күйөрмандары ынтызар болушуп, сурамжылоо аракеттерин жүргүзүшүүдө. Сатпаган командасы, тарапташтары сакталып турганы маалым. Мындай шартта серепчилер копшолушуп, Атамбаевдин саясатта кала турганын, ал эл тарапта болорун, ден соолугун чыңдоо менен ыңгайы келгенде аренага кайтып келип, бийликке маселе жаратарын божомол кылышууда. Анын табияты, мүнөзү күрөшчүл эмеспи. Акаев, Бакиев, Соке менен кандай кармашкан? Дайыма алдыда жүрүп, тобокелчиликке барганы белгилүү. Элдин назарында, жеңиштин байрагында жүргөнү жашыруун эмес. Ал эми бул саам унчукпай отурганын элестетсе болобу? “Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” дегендей, Атамбаев эч кандай өзгөрбөсү, баягы эле каршылык көрсөтүү, күрөшүү позициясында турганын жакындары айтышууда. Демек, убакыт удулуна жараша баш көтөрүп, бийликке баш оору жаратабы? Дарыланып келсинчи, аз калды окшойт. Анан рухун сынайбыз...
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити