Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турат Акимов: “Акчасы жок, гениалдуу адамдар Жогорку Кеңешке келе алышпайт”

Турат Акимов: “Акчасы жок, гениалдуу адамдар Жогорку Кеңешке келе алышпайт”

05-август, 19:56
1 183 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясат талдоочу Турат Акимов шайлоо ири каражатты талап кылгандыктан, кезектеги парламентке деле чөнтөгү калың, акчалуулар гана келе турганын билдирди.  

-- Парламентке аттанып жаткан талапкерлердин тегерегиндеги талаш-тартыштарга кандай көз караштасыз?

-- Парламент элдин күзгүсү, ал эми элдин арасынан кандай адамдар чыгары ушуга байланыштуу. Бизде саясый аренада чоң кемчилик бар, Өмүрбек Текебаевдин Конституциясы кабыл алынгандан кийин көп партияларга мүмкүнчүлүк пайда болду. Саны да көбөйдү, бирок, биз мындан бир формуланын негизинде бай адамдарга гана жол ачылып калганын түшүнүшүбүз керек. Анткени, партия он чакты кишиден турган үй-бүлө эмес, партия – бул миңдеген адамдардын уюму, аны курап, шайлоого алып чыгуу чоң каражатты талап кылат. Мындан улам кезектеги парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болсо керек. Акчасы жок, гениалдуу адамдар Жогорку Кеңешке келип каларына ишенбейм. Баардыгын каражат чечет. 

-- Жетинчи чакырылыштан реалдуу оппозицияны көрө алабызбы?

-- Мыйзамдагы норма боюнча оппозиция болот. Анткени, коалициялык көпчүлүккө кирбей калган партияны “оппозиция” деп жарыялап коюшат. Ал эми парламенттин ичинде талашып-тартышканга, каяша айтууга жарай турган чыныгы оппозиция келер-келбесин азырынча айтуу кыйын. Биз канча партия чыгарын билбейбиз да, азырынча кырк чакты экени айтылууда. БШК мунун канчасын чыгарат? Саясый партиялардын чыныгы курамы парламентке келгенде гана алардын арасынан “оппозиция боло алат” же “жарабайт” деп айта алабыз. 

Анархан Алтымышова,
Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер