Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каза болгон жоокер Ак-Муз айылынын кулуну, үйлөнө элек эле...

Каза болгон жоокер Ак-Муз айылынын кулуну, үйлөнө элек эле...

30-апрель, 15:46
3 438 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткендеги куралдуу жаңжалда каза болгон аскер кызматкери Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын кулуну, үч бир туугандын ортончусу болгон.

Агасы Амантур Кубанычбек уулу инисинин үйлөнбөй кете бергендигине өкүнүп, ичи ачышып жатканын айтты.

«Иним болгону 30 жашта болчу. Үйлөнүп алса дагы, бала калат эле. Жаным кашайып жатат. Биз үч бир туугандуу болчубуз. Карындашым бар. Иним Баткенге 12-апрелде 20 чакты аскер менен бирге кеткен. Тынчыгыча ошол жакта болушмак. Ага чейин кетип калды...

Нарында иштечү, командир болчу. Акыркы сүйлөшкөндө, 5 сааттан бери тынбай атышуу болуп жатат. Анан чалайын деген. Түндө туугандар чалып жатышкан. Бирок айткан эмес. Эртең менен досторум угузушту.
 Эмне дейм, бийликтин шалаакылыгынын айынан болбодубу», - деди ал.

Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Иса уулу: «Кечинде угузуп, боз үйлөрүн тигип, 5000 сомго азык-түлүк алып бердик. Үйүн тегерегин иреттеп жатабыз», - деп билдирди.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер