Шайлообек Дүйшеевге Эмгек баатыры наамын берүүгө каршымын!


Мирлан иним (Самыйкожо) өткөндө каада-салтыбыздын, улуттук тарбиябыздын бузулуп, кыргыз тилинин кадыр-баркы кетип баратканы жөнүндө парламентте жан кейите сүйлөгөнүн «Азия Ньюс» гезитинен окугам. “Ии, кыргыз элинин келечегине жан күйөр жигитибиз бар экен го” деп кичине санаам тынчып калган эле. Кечээ болсо “Азия Ньюстан” (2-октябрь 2025-жыл) “Шайлообек Дүйшеевге Эмгек баатыры наамын береши керек” деп коллегаларын макулдатканын окуп алып өкүндүм. “Мирлан Самыйкожо Өмүрбек Текебаевге окшоп, элдин көңүлүн таап сүйлөгөн жайтабар экен го” деп биринчи ой-пикиримден баш тарттым.
Кыргыз эли жаратылышынан акылман болгондуктан, ар нерсени турмуш тиричиликтин өзүнөн алып айтышкан эмеспи. Колунан иш келбесе да таасирдүү адамдардын же көпчүлүктүн оюндагысын таап сүйлөп, ошонусу менен кадыр-барк тапкан кишини “жайтабар” деп айтышкан.
Акын Шайлообек Дүйшеевге Эмгек баатыры наамын берсе эле республиканын кенемтеси толо түшөбү? Жок! Мен каршымын! Мындан да маанилүүсү, айтып гана тим болбой, эртең эмес, так бүгүн жыйынтык чыгаруучу иштер арбын. Анын бири артыбыздан өсүп келаткан жаш муундарга карата мамилебиз. Бул көрүнүштү ойлогондо түн уйкуну үч бөлгөн мүшкүл иш болуп баратат. Ушул боюнча эң биринчи ата-энелер кабатырланып, мындай опурталдуу көрүнүштөн балдардын келечегин сактап калуу маселесин көтөрүп чыгып, тийешелүү жерлерге талап коюулушу керек эле. Бирок бүгүнкү ата-энелер көрүп туруп көргүсү келбей, угуп туруп уккусу келбей кайдыгер болуп калышкан. Буга далилди алыстан издебей эле “Баластан” телеканалынан күндүр-түндүр тынымсыз берилип жаткан кишиче сүйлөгөн мышыктар, козулар, курт-кумурскалар, ити менен чочкосу, автомашиналарды айтсак болот. Имараттар кулап, жалбырттап өрттөнүп, кебете кешпири суук адам сымактар пайда боло калышып, кайра жок болуп кетишип, эч бир таасир бере турган окуясы жок ызы-чууга толгон көрүнүштөр улам-улам кайталанууда. Мындайда жаман-жакшыны ылгабаган балдарга эмне, кызыгып карап отура беришет. Бул деген балдар үчүн колдон жасалган трагедия.
Балалыктын алтын доору зыяндуу көрүнүштөр менен өтүүдө. Буга мобилдик телефон кошулду. Анын сыйкыры абдан күчтүү экен, бала тамак ичкенде да тиктеп отуруп, уктаганда да койнуна алып жатат. Жеткинчектердин бүгүнкү абалы бизге көнүмүш болуп билинбегени менен жаш муундардын келечегине кош миздүү балта болуп чабылып, төмөнкүдөй орду толгус кесепеттерге алып баратат.
1. Бир эле көрүнүштөгү кайталанма ызы-чуулар, алдыга умтулууга таасир берүүнүн жоктугу – баланын акыл-эсин жабыркатып, ойлонуусу, кыялдануусу, айлана-чөйрөгө, жаратылыш кубулуштарына кызыгуусу көңүл буруудан сырткары калып, баардыгына кайдыгерлик өкүм сүрүүдө.
2. Бош убактыларында ар кандай кыймылдуу оюндарды ойнобогондуктан, жеткинчектердин дене бою, сырт келбети толук өсүп жетилбейт. Андыктан, кара күч, эмгекке күч кубаттуулугу алсыз болуп, түртүп койсоң жыгылган араң жандар басымдуулук кылышууда.
3. Адамдын акыл-эсинин казынасы болгон көркөм адабий чыгармалар, ыр, поэмалар окулбайт. Демек, интеллектуалдык жоголот. Терең билим алууга, илимге кызыгууну мындай кой, өзүнүн ой-пикирин толук айтып бере алышпайт.
4. Эртеден кечке телефон чукулап, андан бошой калса “Баластандагы” жансыз көрүнүштөрдү көз албай тиктеп отурса, өз ара ой бөлүшүп пикирлешпесе, сөз сүйлөө жөндөмдүүлүгүнөн ажырап, тил да жоголот.
5. Эң коркунучтуусу, Ата мекен деген түшүнүк, эл-жерди сүйүү сезими суу сепкендей өчүп, жандуу кызыгуудан ажырайт.
6. Эгерде жогоруда айтылгандай бойдон калсак, 15-20 жылдан кийин биздин артыбыздан жандуу роботтор өсүп чыгат. Сылап-тарап жылмалабай түз айтканда, биз ошого баратабыз.
Тээ илгертеден эле курч тилдүү нукура акындардын кылычынан кан тамгандай ханга, бекке кемчилигин түз бетине айткан салты бар. Эгер эле Шайлообек Дүйшеев илгерки салтты уланткан болсо, “Баластандагы” күндүр-түндүр берилген ызы-чууну, жагымсыз көрүнүштөрдү токтоткула” деп телерадионун жетекчилерине маселени ачык койсун. Алар макул болбосо, министрлер кабинетиндеги жетекчилер менен президентке кайрылуу жолдосун. Улуттун эртеңине күйө алабы?
Балдар үчүн телеберүү бир күндө эки же үч саат болуп, залкар кара күүлөрдүн тарыхын айтуу менен комуз күүлөрүнөн, “Манас” эпосунан үзүндүлөр, фантазияга өтө бай кыргыз эл жомокторунан, Европанын тарыхында Томирис аттуу (казак туугандар кино кылып чыгарышты) Тумат бий эжебиздин колуна курал кармап душманга каршы чыккан эрдиктеринен, кысталышта акыл тапкан, Манасты Манас кылган Каныкей энебиз, Карача хандын Кыз Сайкалы, кечээки эле Жаңыл Мырза өңдүү кыздарыбыздын ким болгондугу жөнүндө кызыктуу маектерди берип, балдардын тарыхка, көркөм адабиятка болгон кызыгуусун арттырып, Ата мекенди сүйүү сезимин бекем калыптандыруу – бүгүнкү күндүн эң башкы талабы.
Шайлообек Дүйшеев акын катары коомдогу мүчүлүш иштерди, тарбия-таалим бузулуп, кыргыз тили үчүн чоочун тилдей болуп баратканы (кыргыз качан баласына Джапар, Тюкебай, Усен, Тикибай деп ат коюучу эле?) жөнүндө элдин эсине салып, мамлекеттик жетекчилерди “уйкудан” ойготуп турса, Шайлообекке Эмгек баатыры наамын эл өзү эле бермек да...











