Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат Түмөнбаев 100 миң доллар алып, ИИМдин орун басарлыгын соодалап жатабы?

Депутат Түмөнбаев 100 миң доллар алып, ИИМдин орун басарлыгын соодалап жатабы?

28-январь, 12:00
1 868 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурда элдин артында эле жүргөн, эч ким тааныбаган Акылбек Түмөнбаев жаңы бийлик келгени жан сабап, мандатка жетип, байлыкка марып калган чагы. Үй-бүлө мүчөлөрү, өзү баш болуп кымбат баалуу жолтандабастарды минип жүрүшөт. Бишкек шаарында эки хансарайды салып атканы кабарланды. Мурда бизнестин битин сыкпаса, азыр кайдагы миллиондорду айландырууда? Шек жаралат бекен? Өздүк булагыбыз билдиргендей, Акылбек Түмөнбаев кадр саясатына кийлигишип, ишкерлерди калкалап, ушул таризде акча жасоонун кыныгын өздөштүргөнбү? Бир белгилүү полковниктен (убагы келгенде аты-жөнү ачыкталса) 100 миң доллар алып, ИИМдин орун басарлыгына (генералдык чини менен) убада кылды беле? Бул суроого жооп бере алабы? Тиги полковник акыйып күтүп отурабы? Министр Улан Ниязбековдун тынчын кетирип, Акылбек Түмөнбаев суранып атса, бүтүм чыгарууга мезгил келдиби? Чет-жакасы кылтыйып шек жаратса, колго чаап койбойбу? “Шамал жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Береги полковник жакын адамдарына ымандай сырын төгүп, Түмөнбаевди тар чөйрөдө түйүлө сөгүп атса, акыры кыңыр иш ачылабы? Алдыда чоң чатактар чыкчудай го...

Таңгаласың, же президенттин кудасы болсо эле кутура береби?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер