Азамат Токтоналиев:“Министр Улан Ниязбеков милицияны жаңы баскычка көтөрдү”


Бишкек шаарынын башкы милициясы, полковник Азамат Токтоналиевге суроолорду жолдоп, соңку жаңылыктары боюнча жооп алдык. Маектешибиз министр Улан Омокановичтин осуяттарын жогору баалап, элибизге кызмат кылуунун жогорку үлгүсүн жаратууга басым жасап келет.
-- Азамат Шейшенбекович, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгын жетектегениңизге эки жыл толуптур. Бул аралыкта жасаган иштериңиздин орчундууларын жалпылаштырып, кыскача токтоло кетсеңиз?
--Ооба, бул аралыкта Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгында көптөгөн алгылыктуу иштер аткарылды. Ички иштер министринин белгилеген стратегиялык багыттарына ылайык, алдыга коюлган приоритеттүү талаптарды натыйжалуу ишке ашырууда өзүбүзгө жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздап, мамлекеттин туруктуулугу үчүн тынымсыз эмгектенип келебиз.
Борборубузда кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлерине шарт түзүү, замандын талабына ылайык кызмат өтөөсүн камсыз кылуу жана жарандардын кайрылууларына ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу максатында шаар аймагындагы бир катар эски имараттар жаңыланып, ондоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле жарандарга сервистик тейлөөнү жакшыртуу үчүн 6 заманбап аймактык милиция пункту салынып, пайдаланууга берилди. Андан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте тыгыз иш алып барып жатабыз, өз учурунда мэрия тарабынан материалдык-техникалык колдоолор көрсөтүлүп келет. Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыктарынын инфраструктурасы жакшыртылып, Бишкек шаарынын ИИББнын кайгуул-күзөт кызмат полку үчүн жаңы имарат куруу жана алардын кавалерия взводундагы аттарга сарай салуу мерчемделип, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
Ал эми жалпы кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүбүзгө токтоло кетсем, борбор калаада коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча чаралар байма-бай жүргүзүлүп, учурда сапаттуу ишке ашырылууда. Жыл башынан бери милиция кызматкерлери коомдук жайларда үзгүлтүксүз өткөрүп келген профилактикалык алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгы жакшы натыйжаларды берип, кылмыштуулуктун саны кескин азайды. Шаарыбыздын аймагы үч эсеге чоңойгонуна карабастан, жүргүзүлгөн натыйжалуу жана тийиштүү иш-аракеттердин негизинде кылмыштардын катталышы 50%га төмөндөтүлдү. Шаар аймагында жасалган баардык кылмыштарды ашкерелөөдө да жетишерлик ийгиликтер жаралууда. Айрыкча өзгөчө оор кылмыштар шаар аймагында катталганы менен 2025-жылдын 8 айында ачылбай калган учурлар болгон жок.
Кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо багытында дагы бир катар иштер аткарылды. Шаар аймагында эл көп чогулган жерлерде Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-майындагы №103 “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу жана “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында санариптик көзөмөл тутумун киргизүү демилгеленди. Натыйжада видеобайкоо камераларын орнотууга каражат бөлүнүп, долбоор толук ишке ашырылды. Калаадагы 109 жалпы билим берүүчү орто мектептин ар бирине жүзүн таануу функциясы бар видеокөзөмөл системалары орнотулду, ошондой эле бүгүнкү күндө шаар аймагындагы баардык 118 муниципалдык бала бакчаларга дагы видеобайкоо орнотулууда, ал эми келечекте жогорку окуу жайларга дагы орнотуу иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу жана укук бузууларга ыкчам чара көрүү максатында эл көп чогулган жайларга дагы жүзүн таануу функциясы бар 400дөн ашуун аймакка видеобайкоо камералары орнотулуп, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам-кырдаалдык борборуна туташтырылды. Бүгүнкү күндө онлайн режимде аймактагы кырдаал камералар аркылуу күнү-түнү көзөмөлдөнүп жатат. Алардын жардамы менен бир катар укук бузууларды болтурбай, өз учурунда ыкчам аракеттер көрүлүп, алдын алынып, көптөгөн кылмыштардын изин суутпай бети ачылууда жана көп учурда издөөдө жүргөн адамдар дагы видеобайкоонун жардамы менен кармалып жатат, дагы бир өзгөчө баса белгилей кетчү учур бар, бул Кыргызстандын булуң-бурчунан жана шаар аймагында жашаган жаш өспүрүмдөр үйүнөн качып кеткен учурда тез арада ушул эле видеобайкоолор аркылуу жүргөн жерин аныктап, ата-энелерине аман-эсен өткөрүлүп берилүүдө. Бүгүнкү күндө кылмыштар жана укук бузуулар менен күрөшүүдө видеобайкоолордун салымы зор экенин белгилей кетким келет.
-- Быйыл өлкөбүзгө саякатчылардын арбын келгени байкалууда. Туризм Бишкектен башталат эмеспи, келген коноктордун коопсуздугун камсыздоо ойдогудай элеби?
-- 2025-жылы өлкөбүзгө келген туристтердин саны арбын болгондугу байкалууда. Коноктордун коопсуздугун камсыздоо, алардын тынч жана беймарал саякаттоосун камсыз кылуу, ошондой эле өлкөбүздүн дүйнөлүк аренада кадыр-баркын жогорулатуу максатында милиция кызматкерлери ар дайым талыкпаган иштерди жүргүзүп келишүүдө, жыйынтыгында жыл башынан бери шаар аймагындагы туристтерге карата кылмыштар катталбаганын баса белгилей кетмекчимин. Мындай иштер аркылуу биз туристтерге өз менталитетибизди, илгертеден келе жаткан меймандостугубузду жана кең пейил эл экенибизди көрсөтүп келебиз.
Жайкы туристтик мезгил учурунда элдин көпчүлүгү Ысык-Көл облусуна эс алууга барган учурда да биздин кызматкерлер ал жактагы коопсуздукту сактоо үчүн жөнөтүлөт.
Конокторго натыйжалуу жардам берүү максатында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын туристтик взводу түзүлүп, ал жакка бир нече чет тилин билген кызматкерлер бөлүнгөн. Алар өлкөгө келген конокторго ыкчам жардам көрсөтүп, суроолору боюнча кеңештерди берүүдөн тышкары, тез жана натыйжалуу кызмат көрсөтүшөт. Бул – Бишкек шаарынын милициясынын чоң жетишкендиктеринин бири катары баалана турган иш.
-- Дээрлик кылмыштуулуктун алдын алуу, профлактикалык иштерди жүргүзүүдө жаңычыл көз караштардагы аракеттер көрүлүп атабы?
-- Шаардагы кылмыштардын санын азайтууда милициянын тынымсыз профилактикалык иш-чараларын уюштуруу, санариптик багытты өнүктүрүү, кайгуул постторун түзүү, ошондой эле социалдык тармактарда, радио жана телеберүүлөрдө элге күн сайын эскертүүчү видеороликтерди жайылтуу сыяктуу чаралар негизги роль ойноду.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, социалдык тармактар, массалык маалымат каражаттары жана телеканалдар аркылуу ар бир жүргүзүлгөн алдын алуу иш-аракеттерибиз байма-бай чагылдырылып келүүдө. Бул шаардын коомдук коопсуздугун жакшыртуу, жарандарга маалымдуулукту жогорулатуу багытындагы натыйжалуу иштердин бири болуп саналат. Негизи эле шаар тургундары жума, ишемби, жекшемби күндөрү түнкү клуб, кафе, ресторандар жана башка көңүл ачуучу борборлордо таң аткыча көңүл ачышат эмеспи, ал күндөрү кырдаалга жараша элдин коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыз кылууга багытталган иштерди жүргүзүү үчүн 500дөн ашуун милиция кызматкерлеринен турган кайгуул постторун коёбуз, ал эми кандайдыр коомдук тартипти бузган жарандар болсо, жеринде ыкчам тийешелүү чаралар көрүлөт.
-- Замандын өзгөрүшүнө жараша кылмыштын да жаңы түрлөрү чыгып атпайбы. Бул багыттан алганда, сиз кандай жагдайлардан же кокустуктардан сак болууга чакырат элеңиз?
-- Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, акыркы мезгилде кибер кылмыштуулук көп болуп, социалдык тармактар аркылуу интернет шылуундар “тез акча табуу”, “байге утуп алуу” жана башка ар кандай мазмунда шилтемелерди көп жөнөтүп, элдин акча каражатын алдоо аракетин жасашууда.
Замандын өзгөрүшүнө жана технологиянын өнүгүшүнө байланыштуу кылмыштардын түрлөрү да көбөйүүдө. Ага карабастан, биз тараптан кибер кылмыштарга өзгөчө көңүл бурулуп, аларды аныктоо, жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер токтоосуз жүргүзүлүүдө.
2024-2025-жылдары Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан 600дөн ашык кибер кылмыш катталып, шектүү адамдар мыйзам чегинде жоопкерчиликтерге тартылышты.
Негизи эле көп учурда жарандар өздөрү жөнүндө маалыматтарды интернет сайттарына толук киргизишип, ар кандай шилтемелер аркылуу анкета толтурушуп, натыйжада шылуундарга алданып жатышканы баарыбызга белгилүү.
Учурдан пайдаланып, шылуундардан сактануу үчүн жарандарга төмөнкү эрежелерди сактоону сунуштайм:
● Өзүңүздөр жана үй-бүлөңүздөр тууралуу жеке маалыматтарды (коддор, паролдор, карта номерлери ж.б.) телефон же социалдык тармактар аркылуу чалган адамдар менен бөлүшпөңүз;
● Шектүү шилтемелер аркылуу өтпөңүз, жеке сырларыңызды жана каржылык маалыматтарды ачык сайттарга жайгаштырбаңыз;
● Жаңы сайттарды колдонууда алардын коопсуздугун текшерип, ишенимдүү булактардан гана маалымат алыңыз;
● Интернет булактарында ар кандай оңой акча табуу жарнамаларга ишенбөөнү жана алардын шилтемелери аркылуу өтүүдөн сак болууга чакырам;
● Жеке маалыматтарды (дарек, телефон, паспорт ж.б.) социалдык тармактарда ачык жайгаштырбоо керек;
● Мамлекеттик кызматтардын атын жамынып, “өкүлү болом” деп ар кандай жалган мазмунда коркутуп, акча которууну талап кылган учурларда маалыматтын чын же жалган экенин далилдеш үчүн милиция кызматынын 102 кыска номерине күнү-түнү чалып, маалыматты тасыктоону сунуштайт элем;
● Интернеттен файл жүктөөдө же шилтемелерге өтүүдө уюмдар тууралуу маалыматты расмий булактардан текшерип колдонуңуздар.
-- Кыргызстандын башка аймактарына караганда Бишкек шаарында милициянын жумушу көп, түйшүктүү эмеспи. Бул жагынан алганда, сиздин өздүк курамга карата кандайдыр бир артыкчылыктар көрүлүшү керекпи?
-- Негизи эле ички иштер органдарында кызмат өтөө чоң жоопкерчиликти талап кылат. Күн сайын милиция кызматкерлери ар кандай учурларга кабылышып, алардын баарына чыдашат эмеспи. Кызматына так болуу, мыйзамдуулукту сактоо, элдин коопсуздугун камсыз кылуу жана мүлктү коргоо – негизги милдеттерибиздин бири болуп эсептелет.
Өзүңүздөргө маалым болгондой, Кыргызстандын аймагындагы баардык кылмыштардын көпчүлүгү Бишкек шаарында катталат, ошондой эле жыл сайын борбордогу калктын саны да арбып баратат.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгына ылайык, Бишкек шаарынын аймагы үч эсеге чоңойду. Ошого байланыштуу калаа милициясынын штаттык бирдиги да көбөйдү.
Негизи эле акыркы жылдары милиция кызматкерлерине мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, алардын жашоо-шарттары жакшырып келе жатат. Айлык маяналар жогорулатылып, социалдык жактан дагы мамлекет тарабынан колдоолор жакшырууда.
-- Эки жыл аралыгында кандай олуттуу ийгиликтерге жетише алдыңыздар?
-- Эки жылдын ичинде көптөгөн иш-чаралар ийгиликтүү аткарылды. Мисалга алсак, 2024-жылы милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө жана жарандардын кайрылуусуна шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги, мэрия жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен шаар аймагында жаңы заманбап аймактык пункттар курулуп, ишке киргизилген. Быйылкы жылы дагы Бишкек шаарынын милиция кызматкерлерине шарт түзүү, жеринде кылмыштуулуктун алдын алуу жана укук бузууларга бөгөт коюу максатында борборубуздун аймагында заманбап милиция пунктун куруу иштери жүрүп жатат.
Шаардык милициянын башчысы болуп жетектеп келген убакта материалдык-техникалык базаны жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан коомдук коопсуздукту сактоону күчөтүүгө, мыйзам бузган жарандарды ташууга жана өзгөчө кырдаал учурунда кызматкерлерди ыкчам жеткирүүгө, элге сервистик тейлөө көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн 50дөн ашуун автоунаа жана атайын техникалары бөлүнүп, колдонууга берилген.
2024-жылы ички иштер министринин буйругу менен кайгуул-күзөт кызмат полку кайрадан ишин жандандырган. Бүгүнкү күндө милициянын кайгуул-күзөт кызматынын штаттык бирдиги 1000 кызматкерге жетип, шаар аймагындагы кайгуул посттордун саны эки эсеге жогорулады. Учурда Бишкек шаарынын ИИББнын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери борборубуздун баардык аймактарында күнү-түнү коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыз кылып, шаар тургундары жана коноктор менен маектешип, коопсуздуктун негизги эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Мындан тышкары, кызматкерлер массалык иш-чараларга да дайыма тартылууда. Бул жетишкендигибиз менен борбор калаанын коомдук жайларында, көчөлөрүндө жасалган кылмыштардын саны кескин азайды.
Жогоруда айтылган жетишкендиктер чек эмес. Келе жаткан жылы эки райондук ички иштер башкармалыгына жаңы заманбап имараттар, милициянын шаардык бөлүмүнө имарат жана 15 жаңы милиция пунктун куруу мерчемделген. Ошондой эле санариптик багытта да токтоосуз иштер жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевич Жапаров жана ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Омоканович Ниязбеков тарабынан “Коопсуз өлкө” долбоорун ишке ашыруу тапшырмасы толугу менен аткаруу пландалып жатат.
-- Эгемендик күнүнө карата эки ооз сөзүңүз...
-- Урматтуу шаар тургундары жана келген коноктор! Баардыгыңыздарды келе жаткан Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!
Майрамдык иш-чаралар күнү, башкача айтканда, 31-августта милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо үчүн жалпысынан 3 миңге жакын кызматкер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.
Өз учурунда жарандарга кайрылат элем: калаа аймагында жана Ала-Тоо аянтында өтүүчү иш-чара учурунда жаш балдарыңыздарга өзгөчө көңүл буруңуздар. Кандайдыр бир көйгөй же маселе болгон учурда жакынкы милиция кызматкерине кайрылууну сунуштайм.
Ошондой эле келе жаткан 1-сентябрь билим күнүнө карата даярдык боюнча айта кетсем, Бишкек шаарынын аймагында жалпы 127 мамлекеттик мектептерде иш-чаранын өтүшүндө коомдук тартипти сактоого жалпысынан 1500гө жакын кызматкер кызмат өтөшөт.
Урматтуу ата-энелер, окуу жылдын башталышында мектепке жаңы барган балдарыңыздарга жол коопсуздук эржелерин үйрөтүп, аларды мектепке жана үйгө чейин коштоп алып жүүрүнү суранып кетет элем, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагындагы бардык мектептеринде жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор бар, кандайдыр бир жагдай жаралса, түз эле кайрылсаңыздар болот.
"Азия Ньюс" гезити











