Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Демократиялык өнүгүүнү жоготуп, бай-манаптык системага баратабыз”


-- Токтайым эже, депутаттык мандаттын кадыры кеттиби же БШКга катталып, кайра шайлоону оюн көрүп, “талапкерлигимди алып салдым” деген адатка айлана баштадыбы?
-- Шайлоо элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, БШКга акча чогултуу үчүн гана болуп жаткандай таасир калтырууда. Тагыраагы, мамлекеттик шайлоо саясаты соодагерликке официалдуу түрдө өткөндөй. Ошондонбу, шайлоо “мурду бучук болсо да байдын уулу сүйлөсүнгө” айланды. Билими бар, депутаттык критерийге жооп берген адамдардын капчыгында тыйыны жок, тыйындуулардын билими жок, бирок асман чапчыган амбициясы бар. Кыскасы, шайлоо акчалуулардын тиреши болгондуктан, тыйыны жоктор катыша албайт. Бир караганда, шайлоо “акчасы жокторго бийликке жол жок” деген мамлекеттештирилген саясатка айланып бараткандай. Өкүнүчтүүсү, бул нерсе Кыргызстанды туңгуюкка кептейт. Мунун кесепети демократиялык өнүгүүнү жоготуп, элди охлократияга, бай-кедейлерге ажыратат. Салыштырып айтканда, бул нерсе бай-манаптык системанын жаңы көрүнүшү десек да болчудай.
-- Эмне үчүн шайлоого аттанган жоксуз?
-- Шайлоонун таза өтөрүнөн күмөн санап, катышпай эле коёюн деген чечим кабыл алдым. Анткени, шайлоо системасы өзгөрдү. Ошон үчүнбү, ишеним артып, шайлоого катышып, элдин элегинен өткүм келген жок. Мандатка умтулгандардын көбү акчалуулар. Карапайым элге ишенген талапкерлерге кыйын болуп калды. Ошондуктан байкоочу болуп, көз салып турайын дедим.
-- Айрымдар бул жолу аралыктан шайлоо системасы дагы маселе жаратарын айтышууда…
-- Аралыктан шайлоо дагы кандайдыр бир орчундуу жагдай жаратып коюшу мүмкүн. Анткени, аралыктан шайлаган шайлоочулардын тизмеси, добушу да күмөн саноону жаратып коюшу ыктымал. Ошондой эле берилген добуштар алмашылып кетпейби (?) деген дагы шек саноо бар. Себеби, иштей турган компьютердик программалардын лицензия күмөн саноону жаратат.
"Азия Ньюс" гезити











