Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Азыркы министрлер парламентке көз каранды эмес”

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Азыркы министрлер парламентке көз каранды эмес”

16-октябрь, 00:13
452 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акбөкөн Дүкенович, депутат менен кайсы бир чиновник кайым айтыша кеткенде, аткаминер: “Учурунда сиздин тууганыңызды кызматка койбой койгом, ошон үчүн мага кек сактап калгансыз” деп айткан учур эки-үч жолу болду. Мындан “демек, депутаттар кадрдык маселелерди чечүүнү суранган учурлар көп болот” деп тыянак чыгаралыбы?

-- Союз учурунда Жумабай аттуу бир кошунабыз бар эле. Өзү жөнөкөй эле музыкант болчу, бирок айылдан кимдир бирөөнү окууга өткөрүш керек болсо, баары ошого барышчу. Бул биздин канда бар го дейм. Ооруканага барсак деле, мектепке барсак деле “сүйлөшүш керек эле” дейбиз. Бул жакын арада жоюлары деле күмөн.

-- Демек, ошондой практика бар да?

-- “Жок” дегенде болбойт го. Угуп атпайбызбы, парламенттен деле айтылып кетип атат. Ошондуктан, шайлоо учурунда өзүнүн туугандарын сунуштабай турган адамды шайлаш керек го дейм.

-- Бул парламент менен өкмөттүн ортсундагы “сен мага, мен сага” деген соодалашуудан эмеспи?

-- Мурунку чакырылыштарда ошондой болчу. Азыркы министрлер парламентке көз каранды эмес. Ошон үчүн комитетке, жыйынга келбей коюп атышпайбы. Алар бул жерге ант бергени эле келишет, болду. Андыктан, “менин тууганымды ал” деп депутаттын айтышы кыйын. Суранышы мүмкүн, бирок күчкө салып алдыра албайт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер