Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Академиянын аброюн түшүрүүнү Абдрахматов адатка айландырып алганда

Академиянын аброюн түшүрүүнү Абдрахматов адатка айландырып алганда

31-январь, 19:30
661 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Узак жылдардан бери кризистин сормо сазына баткан Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын абалын жакшыртуу максатында министрлер кабинети өзгөчө макам алган 5 университетке академиянын институттарын кошуу боюнча токтом кабыл алган. КР УИАнын президенти Канатбек Абдрахматовдун шалаакылыгынан бул токтом аткарылбай келатат. “Самиздат” журналынын белгилүү жазуучусу болуп жүргөн К.Абдрахматовдун бул токтомду жүзөгө ашырмак тургай, академиянын күнүмдүк иштерин бүтүргөнгө да колу тийбей жатыптыр. Көрсө, анын илхамы келип, ташкындаган чыгармачылык эргүүсү күчөп, президенттин жылуу кабинетинде отуруп алып, аңгеме, повесттерин жазганга өтүп, чыгармачылыгы түшүмдүү болуп жатканын айтышты. Жаңы келгенде “академиянын аброюн көтөрөм” деген убадасы деле унутулуп, академиянын кадырын көтөрө турган көзгө көрүнөрлүк бир иш жасабай, тескерисинче, расмий жыйындарда эки сөздүн башын кошуп сүйлөй албай, академиянын президенти деген макамдын баркын кетирип, өлкөнүн башкы илим очогун уят кылып жатканы жашыруун эмес. Көңүлү жок кишини эмнеге академияны жетектегенге алып келди эле? Көрсө, академик Шарипа Жоробекова өзү президент болуп турганда кылган кыңыр иштерин жаптырыш үчүн президенттик түшүнө кирбеген, илимди уюштуруу иштери колунан келбеген, менеджментти түшүнбөгөн Канатбек Абдрахматовду жылуу жеринен козгоп, алып келгендеги кербези экен. “Иттин өлүгү” ушул жакта тура...


Идеологиянын жалгыз жоокери – Сүйүнбек Касмамбетов 

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бардык жерде “Манастан”, улуттук нарктан, каада-салттан кеп салып, элди агартып, “Сенин атың Дөнөнбай” дегендей миң кайталап, күн сайын караламан журттун өткөн тарыхын, үрп-адатын эсине салып келет. Анын аракети, демилгеси интеллигенция тарабынан колдоого алынбай жатканы таңкалтырууда. Академиктер, эл акындары, эл жазуучулары бул наамдарды калкка кызмат кылыш үчүн алышканбы, же жөн эле “атың чыкпаса жер өрттө” дегендей, мактаныч үчүн бөктөрүп жүрүшөбү? Эмнеге алар жан үрөп иштеп жаткан мамлекеттик катчынын жүргүзүп жаткан идеологиясын колдоп койгонго жарашпайт? Оозунда сөзү жок академиктин, эл жазуучусунун, эл акындын кимге кереги бар? Же алар бул наамдарды жең ичинен сатып алышканбы? Айтор, татыксыздар төргө чыккан заманда жашап калбадыкпы... 

 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер