Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калипага “Аяш” тасмасындагы семиз аял көлөкө түшүрүп салгандай...

Калипага “Аяш” тасмасындагы семиз аял көлөкө түшүрүп салгандай...

09-октябрь, 09:00
2 877 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Калипа Усеновага!)

Көп актрисалардан Калипа айымга көзүм түшүп, жогорку деңгээлде сыйлап келем. Албетте, ички дүйнөм менен. Сырткы сулуулугу, таланты, сүйлөгөн сөзү – баары ордунда. Аялзатына тийешелүү аруу, сүйкүмдүү сапаттарга ээ. Калипа аткарган ролдорун өтө жеткиликтүү чагылдырат. А турмушта кандай болду экен? Өзүнчө керемет сезиле берет. Асмандагы жымыңдаган жылдыздай, көп сырды катып жашаса керек. Мындай аялзаты бойдок эмес да, андыктан бакыт, албан келечек каалайм. Эгерде биз эрте жолукканыбызда, баары жомоктогудай тизилет эле... Эч нерсе эмес. Жакшы көргөн актрисамды сыртынан колдоп, чыгармачылык бийик жетишкендиктерди тилейм. Ойлогон максаттары орундалсын. Кээде өзүмчө толгонуп, Калипа Усенованын таланты толук кандуу ачыла элек экенин болжойм. Кыйын режиссёрго туш келсе, дагы да атагы таш жарып, ааламга чейин тараса керек. Чет элдик тасмаларга тартылышы да мүмкүн. Ал жактагылар билбей аткандыр... Айтмакчы, “Аяш” тасмасындагы семиз аял менен тартылганы кичине өөн учурап, Калипага көлөкө түшүрүп койгондой... Ушунчалык кыйын актрисаны кайсы бир учурда кор кылып аткандайбыз...


Улукбек, мугалим 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер