Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талантбек Батыралиев, экс-министр: “Бизде жүрөк оорулары өлүмдүн 50 пайыздан ашыгын түзөт”

Талантбек Батыралиев, экс-министр: “Бизде жүрөк оорулары өлүмдүн 50 пайыздан ашыгын түзөт”

14-февраль, 09:00
240 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Талантбек мырза, мен билгенден көп жылдардан бери эле жүрөк ооруларынан жабыр тарткандардын саны азайбай атат. Бул акыбалды кандай түшүнсөк болот?

-- Жүрөк кан тамыр оорулары дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн 30 пайызын жана өлкөбүздө 50 пайыздан ашыгын түзгөн факторлор болуп эсептелинет. Өлүмдүн жана оорунун күчөшү айрыкча орто жаштагы жана улгайган адамдарда кездешет. Жүрөк кан тамыр ооруларын клиникалык дарылоого кеткен чыгымдар да абдан жогору болуп атканы байкалат. Орто жаштагы адамдарга таасирин тийгизген бул оорулар квалификациялуу кадрларды пайдалануунун эң жемиштүү жылдарына туш келип, өндүрүшкө жана өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнө тоскоол болуп атат.

-- Анда кызмат көсөтүү боюнча оюңуз кандай? Бул боюнча тийешелүү сунушуңуз барбы?

-- Кардиохирургиялык жана интервенциялык кардиология боюнча кызматтарды пландаштыруу үчүн биздин министрлик тарабынан жүрөк кан тамыр хирургиясы, кардиология, балдардын жүрөк кан тамыр хирургиясы жана педиатриялык кардиология адистеринен жүрөк ооруларын илимий изилдөө жана баалоо боюнча эксперттик илимий комитет түзүлүшү керек деп ойлойм. Комитет тарабынан биздин өлкөдө бул оорунун таралышын, анын географиялык түзүлүшүн, даярдалган медициналык кадрларды жана учурдагы эл аралык көрсөтмөлөрдү эске алып, пландаштыруу менен кардиологиялык жана кардиохирургиялык бириккен борборлор курулуп, жаралган көйгөйлөрдү ишке ашыруу керек деген ойдомун.

-- Бул пландоо системасы менен курулган иш-чаралардын негизги максаты кандай болушу керек?

-- Бул пландардын максаты – жүрөк кан тамыр ооруларын жана өлүмдү азайтуу, зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүү, адистер өз кызматтарын адилеттүү көрсөтүүсү, иштебей турган кубаттуулуктарды жаратпоо жана ресурстарды текке кетирбөө болуп саналат. Ушул аспектилердин баардыгын эске алуу менен интервенциялык кардиология жана жүрөк кан тамыр хирургиясы менен биргеликте негизделген “Жүрөк борборлорунун” пландаштырылуусу, курулуусу, ишмердүүлүгүнө тийешелүү жол-жоболор жана принциптер жогорудагы эксперттик комиссиянын корутундусу менен бекитилсе туура болот. Мурда ачылган же учурда кардиология борбору бар ооруканалар кардиология борборун ушул циркуляр чыккан күндөн тартып бир жылдын ичинде министрликте каттоодон өткөрүшү шарт. Жыйынтыктап айтканда, жүрөк ооруларына көрсөтүлгөн кызмат чаржайыт эмес, бир стандартта, сапаттуу болуусу замандын талабы болуп турат.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер