Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм менен кантип мамилемди жакшыртсам болот?

Күйөөм менен кантип мамилемди жакшыртсам болот?

11-август, 11:56
2 072 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул жолу Кундуз (аты өзгөртүлдү) аттуу окурмандан “Барометр” сайтына  төмөнкүдөй маанидеги кат келди.

“Саламатсыздарбы! Мен шаардагы “Глобус” маркеттеринин биринде иштейм. Эл катары эле жөнөкөй жашап жүргөн адаммын, бирок акыркы учурларда эмне кылсам деген ойдо болуп, жообун такыр таба албай жатам, кеңеш бериңиздер? 

Жолдошум менен бир жылдан бери ажырашып, эжемдикинде жашайм. Ошондон бери мурдагы күйөөмдөн кутула албай келем. Келип, “сени сүйөм, сенсиз менде күн жок, сенсиз өлөм” деп коркутат, алдайт, анан үйгө алып кетет. Квартирада турабыз, балалуу боло элекпиз. Анан кайра эле урушуп-талашып, сабашып, ызы-чуу чыгарып кирет, мен кетип калам. Милицияга дагы берип көрдүм, алар “өзүңүздөр чечишип алгыла” деп коюшту. Ошону менен кайра бир-эки жума жоголуп кетип, анан келип эле чыр салып, мени кызгана берет.Эжемдин кошуналарына да уят кылып бүттү. Же ажырашкан аял эмес, же ажырашпаган аял эмес, ортодо калдым. Жаман мүнөзүн кантип токтотсом болот? Кантип мамилени оңдосом болот же кантип биротоло ажырашсам болот?” деп кайрылды Кундуз.

Кундузга кандай кеңеш бересиз, урматтуу окурман?
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер