Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кызылдай калпты шыпырылткан Чолпонбек Абыкеевдин түгөнбөс жоруктары

Кызылдай калпты шыпырылткан Чолпонбек Абыкеевдин түгөнбөс жоруктары

10-сентябрь, 17:31
1 505 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Окурмандар детектив, ужас, бульвардык китептерин “талап” окуган Кыргыз эл жазуучусу, мамкатчы Чолпонбек Абыкеев журналисттерге берген интервьюларында маалыматтарга маани бербей эле сүйлөй бере турганына күбө болдук. Ал “жакшы көргөн жазуучум Маркес” деп айтып жүрөт, бирок ушул магиялык реализмдин анабашынын чыгармаларын деле жыргатып түшүнбөй турганына көзүбүз жетип калды. Себеби, Маркестен таасирленсе, көркөм наркы бар бир нерсе берет эле го? Азыр Абыкеев окуяны кууп жазгандан өйдө көтөрүлө албай жатат. Бир маегинде Ч.Абыкеев “Маркес “Жалгыздыктын жүз жылын” 3 жылда жазган” деп кызылдай калпты шыпырылта бериптир. 35 миллион нуска менен 35 тилде жарык көргөн бул роман 18 ай, же бир жарым жылда жазылганын Абыкеев билбесе, бүт дүйнө билет. Дагы бир маегинде “Кызыл көйнөкчөн келин” деген китебинин жанрына “ужас” деп аныктама берсе болобу! Адабиятта, искусствонун башка түрлөрүндө деле акылга сыйбаган көрүнүштөрдү чагылдырган чыгармаларды фантастика (!) дейт эмеспи. Эми биз ага акыл айталы деген деле ниетибиз жок, себеби, ал “Ашыктык жообун күтпөгүн” фильминдеги күлкүдөн оозу жыйылбаган баягы Колобок эмес да, ал азыр өлкөбүздүн идеологиясын жүргүзгөн мамкатчы Чолпонбек Абыкеев. Ошон үчүн элге чындыкты айтып, туура багытка баштаса болгону. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер