Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сактанбек Кадыралиев: “Садыр Жапаровдун кайсы өлкөгө барары тууралуу расмий билдирүү жок”

Сактанбек Кадыралиев: “Садыр Жапаровдун кайсы өлкөгө барары тууралуу расмий билдирүү жок”

15-февраль, 11:14
2 168 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси менен маек.

-- Президенттин биринчи расмий иш сапары Россияга болору айтылууда. Иш сапар канчалык деңгээлде маанилүү жана андан эмнени күтүүгө болот?

-- Ырас, жакында президентибиз Садыр Жапаровдун чет өлкөгө алгачкы расмий иш сапары болору айтылууда. Бирок кайсы өлкөгө барары тууралуу расмий билдирүү жок. Ошондой болсо да ММК жана соцтармактарда “Россия барат” деген маалыматтар жүрөт. Жакында өлкөбүздүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Н.Удовиченкону кабыл алганы тууралуу билдирүүдө “эки мамлекеттин башкы жетекчилеринин катышуусу менен өтө турган эң жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын сапаттуу жана мазмундуу иштеп чыгуусун талкуулашты” деп айтылат. “Казак Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганда Казакстанга чакырды” деген билдирүү да тараган. Азырынча кайсы өлкөгө биринчи барары расмий түрдө жарыялана элек. Дипломатиялык каналдар менен макулдашуу жүрүп жатса керек. Кайсы өлкөгө барса да, биринчи кезекте жогорку жетекчилердин жеке мамилелери түзүлөт, эки тараптуу кызматташтык маселелер талкууланат. Соода-экономикалык, инвестиция маселелери, кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрү тууралуу дагы сөз болушу мүмкүн. Эгерде кол коюшууга даяр келишимдер, меморандум же протокол болсо, жүзөгө ашышы ыктымал. Негизинен эки жетекчинин жеке мамилелеринен өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлөт.

-- Эл аралык кызматташтыкта кайсы тараптар менен жакындашуу керек жана эмне үчүн?

-- Кыргызстандын ММК жана соцтармактардыгы талкууларды окуп, мен мындай бүтүмгө келем: кайсы бир топ Европа өлкөлөрүн жактаса, дагы бир топ АКШны жактап, үчүнчү топ Россияны, дагы бир топ Түркияга ыктагандар. Биз бир эле өлкө менен эмес, өнүккөн өлкөлөрдүн баары менен жакшы мамиледе болуп, кызматташып, инвестиция тартып келип, өнүгүшүбүз керек. Тышкы саясатыбыз көп тараптуу саясатта (многовекторная политика) негизделген. Садыр Жапаров инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө да көп тараптуу тышкы саясат жүргүзүлөрүн айтпадыбы. Биринчи кезекте коңшу мамлекеттер менен, Россия, Түркия, Кытай, Европа өлкөлөрү жана АКШга карай мамилелер активдештирилерин да белгилеп кетти. Ошондуктан, тышкы саясат ички саясаттын уландысы болгондуктан, өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүгө, элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталып жатат.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер