19 жаштагы кызым атасындай адамды сүйүп калды...
Маржан аттуу айым кызынын тагдыры үчүн кооптонуп, башка ата-энелерди кыздары каякта, ким менен жүргөнүн билип жүрүшсүн (!) деп кеңеш берет. Анын айтымында, ал 19 жаштагы кызына толук кандуу көңүл бурбагандыктан, ал 53 жаштагы аялы бар киши менен жүрүп алган.
“Менин жолдошум отставкадагы полковник. Ал кызымды бала чагынан эле катуу кармап, жакшы тарбия берген. Бир уул, бир кызыбыз бар. Балам университетти ийгиликтүү аяктап, жакшы кызматта иштеп жатат. Бир нече жыл мурун ал сүйгөн кызына баш кошуп, бактылуу жашоодо. Кызым 2-курста окуйт. Мектепте жакшы окуган, жүрүм-туруму үлгүлүү кыз болуп чоңойду. Кызым качан жаман жолго түшкөнүн билбей, байкабай калганыма өкүнөм. Биздин үй-бүлө бактылуу эле, сүйүнүп жүрчүмүн. Акыркы күндөрү кызым өзгөрүп, үйгө кеч келип, каякта жүргөндүгүн айтпай, кымбат буюмдарды, кийимдерди алып баштады. Анысына да көңүл бурбай коюптурмун. Күндөрдүн биринде кызымдын куратору чалып, университетке келип кетүүмдү суранды. Барсам, кызым өзүнөн бир топ эле улуу киши менен жолугуп жүргөндүгүн айтты. Мугалими башында атасы деп ойлоп жүрүптүр. Ал киши келип, машинеси менен алып кетчү экен. Уккан кулагыма ишенбей, кызым менен сүйлөштүм. “Атаңа айтам” деп коркуткандан кийин, аргасыздан айтып берди. Бир жылдан бери 53 жаштагы киши менен жолугуп жүрүптүр. Анын аялы, балдары бар экен. Ал киши менен жолуктум. “Кызыңызды бир нече жолу таштаганга аракет кылдым, ал көнбөй койду, коркутуп жатат” деп айтты. “Өзүмдү өлтүрөм” деген мааниде аракет кылыптыр. Кызым менен сүйлөшүп, аны унутууну сурандым. Ал макул болду. Эми эмне болорун билбейм… Кантип сулуу, жаш кыз атасындай адамды сүйүп калат? Мен түшүнө албай турам”,-деп билдирген Маржан.
Aryba.kg