Акыркы кабарлар
» Коом » “Журналистмин” деп калп айтып, жаштарды карактаган шылуун кармалды (фото)
“Журналистмин” деп калп айтып, жаштарды карактаган шылуун кармалды (фото)
21-ноябрь, 19:27


Өзүн ишенчээк жаштарга журналист катары тааныштырып, алардан маек алгандай түр көрсөтүп, студенттерди тоногон жигит кармалды. Ал акыркы жолу Баткен облусуна барып, студенттерди алдаган.

2019-жылдын 13-ноябрында Баткен шаарынын «Жеңиш» паркында азиат улутундагы жашы 25-30 чамасындагы жигит ошол жерде эс алып отурган студенттерге ар кандай суроолорду берип, өзүн «журналист» катары тааныштырып, «Rеdmi Note 7А» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып качып кеткен.
Ал Ысык-Көл облусунун Тогуз-Булак айылынын 24 жаштагы Н.Д. аттуу тургуну экени аныкталды. Ал ушундай ыкманы Нарын шаарындагы жаштарга да карматкан. Бирок көп узабай Нарын шаарынан кармалды.
Aryba.kg