Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Миниграфия – балдар адабиятына мүнөздүү өзгөчө адабий форма

Миниграфия – балдар адабиятына мүнөздүү өзгөчө адабий форма

13-март, 09:00
1 313 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көлөмү жана формасы жагынан алганда, балдарга, айрыкча бөбөк курактагыларга арналган чыгармалар башка чыгармаларга дээрлик окшошпой тургандыгы белгилүү. Поэзиялык, прозалык болобу, кайсы жанрдагы балдар чыгармалары болбосун, көлөмү чакан, формасы ийкемдүү, балдардын окуп-үйрөнүүсүнө ылайыктуулугу менен айырмаланат. Ошентсе да, балдар ырлары же аңгемелери деп айтылуу менен, ырлар кээде төрт сап көлөмүндө да жазылып, аңгемелер болсо эки саптан башталып төрт сап формасында да болуп, толук маанисиндеги аңгеме жанрына туура келбесе да, аңгеме катары атала бергени менен өзгөчөлөнүп келет. Муну кээде «бир шиңгилдер» деп да атап жүрөбүз. 

Мындай көлөмү жана формасы менен гана эмес, айрыкча бөбөктөргө арналган аңгемелер менен ыр түрүндөгү чыгармалар мазмуну жана мүнөзү боюнча да өз алдынча бааланууга акылуу. Атап айтканда, ырлардын көңүлдүүлүгү, күлкүлүүлүгү, тилинин элпектиги, таанытуучулугу, үйрөтүүчүлүгү ж.б. максатттуулугу кеңири. 

Мисалы: балдардын классик акыны Т.Кожомбердиевдин («Көлчүктөгү ай», Ф., 1971) төрт сап ырын алалы: 

«Чиркей буттан чалганда, 

Төө жыгылып калганда.

Эл кыйкырды: «Мыкты!» деп, 

«Чиркей төөнү жыкты» деп. («Чиркей менен Төө»)

Же болбосо, К.Жунушевдин: 

«Асмандагы жылдызды,

Бирден терип санадым.

Жакыныраак болсун деп,

Тамга чыгып карадым. («Жылдыз саноо», китепте: «Күн дүйнө», Б., 2018)

Орустун классикалык балдар адабиятында С.Маршак, С.Михалков, К.Чуковский ж.б. чыгармаларында мындай мүнөздөгү ырлар алардын бөбөктөр үчүн жазган чыгармаларынын өзөгүн түзөт.

Ал эми аңгемелер турасында кеп кылсак, мындай мини аңгемелер тээ адабият алпы Л.Толстойдон бери эле бергилүү. Бул алп жазуучу «Согуш жана дүйнө» (романдын аталышын ушундайча котордук  Р.С.) сыяктуу эпопеяны жазып жатып, орус кедейлеринин балдарына «Азбука» түзүп, анан алардын балдары сабатын ачсын үчүн майда-майда аңгемелердин топтомун жазып калтырган. Алардын башатында кадимки «Эки дос» аттуу классикалык аңгемеси турат. Ал болгону төрт эле сап. Төрт сап болуп туруп, эки достун образын аюунун«чыныгы дос досун кыйын күндө жалгыз калтырбайт» деген бир ооз сөзү менен түшүндүрүп койгон.

Мындай «мини» аңгемелерди жазуу салтын орус агартуучусу К.Ушинский да уланткан. Ал балдарга арналган «Родной язык» аттуу белгилүү окуу хрестоматиясына өзүнүн «Эки улак» деп аталган классикалык аңгемесин ж.б. киргизген. Анын жолун уланткан «кыргыз Ушинскийи» Касым Тыныстановдун балдар үчүн окуу китептеринен жалпыга белгилүү «Арпа менен буудай» сыяктуу бир нече аңгемесин көрө алабыз.

Бөбөктөр үчүн мындай «мини» аңгемелерди жана ырларды «ала кушту атынан ата» дегендей, өз табиятына жараша атоо туура келмек. Бирок ушуга чейин мындай чыгармаларды адабият теориясында да, балдар адабияты боюнча жазылган эмгектерде «мини жанр» же «миниатюралык» чыгармалар деп атап келебиз. (К.Чуковский, «От двух до пяти», М.Түлөкабылов, М.Сулайманов, «Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы»). Ошон үчүн мындай чыгармалардын көлөмү менен формасына карап минигрфиялык чыгарма деп мүнөздөөгө болот деген пикирибизди айткыбыз келет. Анткени бул терминди түшүндүрө келсек, фрунцуз жана италия сөздөрүнөн алынган «miniature» – кыргызча  «чоң эмес өлчөмдөгү» же «кичирейтилген өлчөмдөгү» чыгарма катары жана «графо» (grapho, ор. пишу) «жазам» деген маанисине таянуу менен, «көлөмү жагынан чакан жазылган» («Словарь иностранных терминов, 451-б.) чыгармаларды «миниграфиялык» чыгарма деп атасак жөндүү болот деген максатта адабият таануу илимине «миниграфия» деген терминди сунуштасак туура болот деген ойдобуз. 

Негизинен, миниграфиялык чыгармалар өзүнүн чакандыгы, мазмунду баяндоодогу ийкемдүүлүгү, жеңил окумдуулугу жана да балдардын курагына, психологиясына ылайыктуулугу менен өз алдынча адабий форма да болуп саналат. Ошону менен бирге ал форма дал ушундай мүнөзү менен жазылуу ыкмасы, мазмунду баяндоо жолу, бат окумдуулугу жана берейин деген ойду тез жана мобилдүү түшүнүүгө ылайыктуулугу менен өз алдынчалуу стиль да болуп калат. Жалпы алганда, адабияттагы миниатюралуу жанрга мүнөздүү стилге жана формага ээ прозалык же лирикалык жанрга мүнөздүү балдар чыгармасы болуп түшүндүрүлөт. 

Мындай чыгармалар башкаларга караганда, жогоруда айтып өткөн мүнөздүү сыпаттоолордон башка да бир нече өзгөчөлүктөрү бар, атап айтканда:

-- максаты боюнча: балдардын тилин өстүрүүчү, сүйлөөгө багыт берүүчү, окууга үйрөтүүчү, чөйрөнү таанытуучу, адепке тарбиялоочу, ж.б.

-мүнөзү: көңүлдүү маанай, күлкүлүү окуялуу, жеңил юморлуу, жумшак баяндоо, элпек тил, айтайын деген таамай жана так ой, кыска сюжети, даана мазмун, аны мобилдүү, тез берүүчү сыпаты;

-көлөмү: чакан, кыска, ырлар 8 саптан, аңгемелер 10-12 саптан ашпаган, тез окууга, жыйынтыктуу бир бүтүн пикирге алып келүүчү, окуганын кайра тез айтып берүүгө үйрөтүүчү, жыйынтыгында адабий чыгарманы окуп-үйрөнүүгө багыттоосу;

-жазуу технологиясы: ийкемдүү, бай жана ар түрдүү тематикалуулук, аталышы даана, так болуусу кызыгууну туудуруп, балдардын көңүлүн өзүнө тартып туруусу; ким тууралуу, эмне жөнүндө экендиги адегенде эле белгилүү болуусу, же баяндоо түрүндө же баяндоо дээрлик жок, чакан диалогдон тургандыгы;

-мазмундук жактан: окуясы чакан, кыска, так, даана баяндалат, жыйынтык ой даана, так айтылат. Окуясы күлкүлүү, чакан юмор же насаат түрүндө жүрөт. Окуган бала чыгарманы кыйналбай окуп, аягына тез чыгат жана жыйынтыктуу бүтүмгө башканын жардамысыз эле бат келет жана таанытуучу, үйрөтүүчү, тарбия берүүчү мүнөздө жыйынтыкталат;

-- сюжеттик жактан: окуясы жеңил, түшүнүүгө оңой болот. Мазмуну маанай көтөрөт; баланы окууга кызыктырат жана кызыгуусун андан ары арттырат. Окууга жеңилдиги менен окурмандыкка көнүктүрөт жана машыктырат.

Профессор А.Муратов балдар адабиятынын жалпы эле мүнөзү, табияты жана максат-милдеттери тууралуу айтып келип, мына буларды белгилеген:

-- жалпысынан «бала», «балдар адабияты» деп койгонубуз менен анын негизги спецификаларынын бири ушунда – балдар жаш курак жана өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө жараша бирдей болбостугу», «алардын да бири-биринен психологиялык, акыл-эстик, дене түзүлүштүк жактан бир топ айырмачылыктары болору», «жазуучу мына ушул курак өзгөчөлүктөрүн эске алып чыгарма жаратпаса, анын жазгандары «адрессиз» ара жолдо калары» айтылуу менен балдар адабиятынын мүнөздүү белгилери төмөнкүлөр экендиги белгиленет: 

-- чыгармаларда балдарга негизги ролду берүү, көбүрөөк учурда башкы каармандар катары балдарды катыштыруу; 

-- тематикасы боюнча балдардын курагына ылайык келиши; 

-- башка чыгармаларга салыштырмалуу алганда көлөмүнүн кыскалыгы; 

-- китептердин сүрөттөр, ар кандай иллюстрациялар менен коштолушу, кооздолушу, тамгаларынын (шрифт) чоңураактыгы, тилинин жөнөкөйлүгү, түшүнүктүүлүгү; 

-- диалогдорду көбүрөөк коюу; 

-- сүрөттөөлөрдү чексиз созо бербөө; 

-- кызыктуу окуялардын (приключение) арбындыгы; 

-- сюжетинде кескин бурулуштардын, чексиз ретроспекциялардын кездешпеши, сюжетинин чыңалууда, жыйнактуу алып барылышы;

-- окуялардын тезирээк алмашып, биринин ордуна улам экинчисинин келип турушу; 

-- каармандардын мүнөзүнүн предметтүү жана көз алдына алардын иши жана жүрүш-турушу менен ачылышы; 

-- бактылуу бүтүмү (кара ниеттиктин үстүнөн ак ниеттиктин салтанат курушу); 

-- тарбиялоо максатынын түздөн-түз көрүнүшү» (“Кыргыз балдар адабияты”, Б., 2014, 18-б.).

 Жогоруда белгилегендей, балдар адабиятыбыз бөбөктөрдү тарбиялоочу, үйрөтүүчү, калыптандыруучу негизги каражаттардын бири катары баалап-талдап үйрөнүүгө муктаж экендиги айтпаса деле түшүнүктүү. Ошондуктан бүгүн балдар адабиятыбызга жаңыча көз карашта кайрадан талдоо жүргүзүү, анын педагогикалык кызматын алдыга алып чыгуу, жаңы мезгилдин жаңы балдарын тарбиялоо, өнүктүрүү идеяларына жараша балдар адабиятынын мазмунун, формасын өркүндөтүү милдети турат.

Бул айтылгандар миниграфиялык стилге ылайык мисалдарда даана көрүнөт. Балдар акыны А.Кыдыровдун “Балдарга базарлык” (Ф., 1988) аттуу жыйнагын барактап көрөлү. «Кубанга эмне жагат?» деген ырында 1-класска жаңы кирип, биринчи ирет сабакка барып келген кичинекей Кубандан ата-энеси минтип сурашат:

Жакшы бекен окуган?

Айтчы угалы кана биз,

Анда: -- Сабагынын баарынан

Жакты мага танапис,- дейт кичинекей Кубан. 

Миниграфиялык чыгармалар тууралуу кеп кылганда Турар Кожомбердиев сөзсүз эске түшөт. Анткени ал мындай мүнөздөгү чыгармаларды жазуунун устаты болгон жана аны дээрлик өнүктүргөн. Анын мыкты үлгүлөрүн жазып, улуттук адабиятыбыздын казынасын байыткан. Акын бул стилде балдарга дүйнө таанытуу, тарбиялоо, билим берүү жана өнүктүрүү сыяктуу педагогикалык гана эмес, поэтикалык-философиялык багыттарды камтый алгандыгын айтсак болот. 

Сөзүбүздү акындын жалпыга белгилүү «Көлчүктөгү ай» аттуу чакан ыры менен далилдейли. Сегиз саптан турган мына ушул «Көлчүктөгү ай» аттуу жөпжөнөкөй, бирок мааниси терең ыры менен акын Т.Кожомбердиев балдар үчүн чыгарма кандай болушу керектигин далилдей алган. Ырдын өзөгүндө эмне жатат? Биринчиден, баланын чөйрөнү таанууга болгон ынтызардыгы, дүйнө деген эмне?” деген сыяктуу суроого жооп издеген балалык психологиясы, дүйнөнүн табышмактарына болгон таңкалуусу, аны балалык түшүнүк, фантазия аркылуу таанып-билүүсү, эми ошону өзү колу менен кармап көрүп, аны предметтештирүүгө болгон умтулуусу жатат. Карабайсызбы, ал эшикке чыкса, көлчүктө ай жатат жалтырап, ага баланын таңкалбай коюусу мүмкүн эмес. Албетте, чоң адам ага таңкалмак турсун, карап да койбойт. Ал айды бала колу менен кармап көргүсү келген кызыгуусу үчүн аны «келесоо» деп күнөөлөөгө, аны келекелөөгө мүмкүн эмес. Анткени ал бала да. «Болгону, анын турмуштук, дүйнө таанымдык практикасы гана аз» (Н.Чернышевский). Ошон үчүн ал апасына энтиге чуркап келип, “жаңы кармап аларымда, сынып калды чачырап калды деп кейип, («Көлчүктөгү ай») алаканын жайып, дүйнөгө таңкала карап отурбайбы. Ошондой эле, Айдын теңи асмандаатка какчу такадай» экен деп, жаңы туулган айды аттын такасына окшотуп («Айдын теңин карасаң») отурат. 

Акын баланын дүйнө таанымын чагылдырып, дүйнөнү баланын көзү менен карап, баланын сөзү менен жазып тартуулаган ырлары көп. Алар кыргыз балдар поэзиясынын шедеврлери катары төмөндөгү саптар менен жашап калмакчы. Мисалы, «Кумурска көргөн тоо» аттуу ырында мындай деп кумурсканын «түшүнүгү» аркылуу дүйнөнү сүрөттөйт:

«Келатыптыр жумушка,

Кыл муруттуу кумурска. 

Топчумду алып колума,

Тосуп койсом жолуна, 

Тыягынан карады, 

Быягынан карады,

Аркы-терки жойлоду,

Тоо экен деп ойлоду».

Албетте, кумурсканын түшүнүгү менен мындан күчтүү классикалык ырды мындан артык кандай жазуу керек? Ал эми бөбөктөрдүн суроосу аркылуу: 

Күндүн барбы түнөгү? 

Курттун барбы жүрөгү? 

Кубанганда бизчилеп, 

Күчүктөр да күлөбү? - деп баланын психологиялык толгонуусу менен автор табияттын табууга мүмкүн болбогон табышмагын чечкиси келет.

Т.Самудиновдун чыгармачылыгында да миниграфиялык мүнөздөгү чыгармалар көп учурайт. Алсак, баланын көңүлүндөгүнү табуу, анын оюндагысын билүү чоң машакат эмеспи. Алар кичинекей катары кемсинтилбей турган, билбейсиң” деп басмырлоого болбой турган билгичтер жана кыраакылар. Ошондуктан балдар жөнүндө же балдарга арнап чыгарма жазуунун өзү канчалык кыйын, канчалык жооптуу түйшүк экендиги түшүнүктүү.

Мындай караганда, балдар жөнүндө төрт сап ыр же жарым бет аңгеме чиймелей салуудан жеңил иш жок сыяктанат. Жеңил болсо го, атаганат! Анда биздин балдар адабиятыбыз кандай гана гүлдөп, байып, кандай гана бийиктикке бат эле жетер эле!

Башкасын мындай коёлу, Т.Самудиновдун дидактикалык ырларында сөз маанисин чечмелеп түшүнүүгө көп маани бергени бар. Аларда акын унутканыңызды эсиңизге салат, билбеген болсоңуз билгизет. Баарынан кызыгы, биз кыргызча аталышын билбей, бардык жаныбарлардын атын башка тилде атап жүргөн ушул күндөрүбүздө жалпыбыздын эсибизге: керик, бөрсө, тунжур, булгун, кара кунас, мадыл деген аттарды көңүлүбүзгө уютат. Бул ыр түрмөгү «Жаныбарлар дүйнөсү» деп аталып, биз аттарын унутуп калган жаныбарлар: керик — носорог, бөрсө — кенгуру, тунжур, булгун. Ошентип, акырында «ким кубанып сүйбөсүн, жаныбарлар дүйнөсүн! деп жыйынтыктайт.

Мисалы, «Пилдей жана зилдей» аттуу ырында: 

«Эзелки ата-бабабыз,

«Мамонт» дешти билбептир- деп мамонт деп биз бүгүн атап жүргөн жаныбарды ата-бабаларыбыз эчак эле «Зил» деп атап келгенин эскертет.

Ыр-табышмактары да кызыктырбай койбойт. «Акыркы сөзүн өзүн айт» деген ырында:

«Жашылдантып ар жерди, 

Жаз артынан... 

Ысык күнгө чыдадык, 

Өзүбүздү... ж.б.

Бул ырларды окуп, көп чекиттин ордуна «жай келди», «сынадык» деген уйкаш сөздөрдү коюу керектигин тапкыч окуучу таап койсун деп, ага суроо салып отурганы жакшы. Мындай ырларга «Алиппе — табышмак», «Метаграммалар», «Акро ыр», «Табышмактуу төрт жандык», «Туура эмеспи, туурабы?», «Аралашкан ариптер», «Шарадалар», «Бир тамгадан кемитсе», «Нота менен окуп көр», «Бир, эки, үч!» деген ж.б. көптөгөн миниграфиялык ырлары кирет.

Анан дагы: 

«Чачык» эмне экенин билесиңер,

Ачык болсо дарбаза киресиңер,

Чык кошулса тамакка сүйөсүңөр.

Ык болбосо тартылбайт сүрөтүңөр... («Бир тамгадан кемитсең») деген төрт сап ырда да «сакадай бою сары алтын» ойлор камтылган.

Дегенкиси, балдар поэзиясынын өзгөчөлүгү ушунда, анда дал ушул биз сөз кылып жаткан миниграфиялык стилде жазылуу менен поэтикалуулуктан мурда дидактикалуулук өзгөчө мүнөздүү экендигин балдар адабияттын изилдөөчүлөр да (М.Түлөкабылов, М.Сулайманов, А.Муратов, Ү.Култаева, К.Кулалиева) туура белгилешкен. Анткени, балдар адабияттынын табияты ушунда. 

Ушундай эле өңүттө акын К.Жунушевдун да ырларын талдай келсек, бир катар урунттуу учурлары, багыттары, ачык айтканда, көркөм образ түзүүсү, ал аркылуу сөз менен этюд жаратуусу, баланын дүйнөнү аңдап түшүнүүсүнө көмөктөшөр үйрөтүүчү, таанытуучу, окуган адамга бырс эткен күлкү чачуу маанайдагы ырлары арбын.

«Бал курсак» деген ырын алалычы. Ал болгону үч сап, мына окуйлу:

Баарыбызда бар курсак 

Бирок тынбай иштеген 

Аарыныкы бал курсак! («Бал курсак», китепте: «Айдың көл», Мектеп, 1987, 40-бет).

Карап көрөлү, акын ушул үч эле сап ыры менен кимдин ким экенин түз да, кыйыр да айтып берип отурат. Бирок да, кеп аны аллегориялык маанайда түшүнбөстөн, балдардын аарынын табияты, анын кызматы туурасындагы көркөм элестөөсү бекемделет.

Ушул жерде эскерте кетчү бир нерсе, бул акындын башкалардан өзгөчөлөнгөн бир жагы  ырларынын каармандары тентек бала, же тартиптүү кыз, же бир үлгүлүү окуучу эмес, анын каар­мандары жогоруда айтылгандай, бал аары, таранчы, суур, ташба­ка, күчүк, теке, карга, топоз, эшек, улак... деги койчу, күндөлүк турмушубузда биз аралашып жүргөн, бирок көбүнесе элес албаган жандыктар. Алардын кылык-жоруктарын, кыймыл аракеттерин, кыял-мүнөздөрүн миниграфиялык формада көркөм чагылдыруу аркылуу биздин жашообуздун дагы бир жагын толуктап, аны ар тараптуу кылып кооздоп тургандыгында.

К.Жунушев сөздүн кудурети менен көркөм этюдду тарта билүү жагынан да эң эле уста экеңдиги төмөндөгү ырларынан даана байкалат. 

«Күчүк эмен жалбырагын 

Казга тиштеп барыптыр,

-- Мобу сенин таманың го, 

Жерге түшүп калыптыр». («Каз менен күчүк», китепте: Байчечекей» жыйнагы, «Мектеп», 1979-ж. 5-бет.).

Ашкере дымактуу, курулай акыл-насаат айтуудан алыс турган, окуган адамды ойго салып, андан өз алдынча бүтүм чыгарууга үндөгөн мындай ырлары арбын. Акын мындай маанайдагы ыр­лары менен ыйманга, адал эмгекке чакырып турат. Акындын ою боюнча ыйман менен адал ниет эмгек ажырагыс нерсе. Окуп көрөлү:

«Эжем мени: «Тоокко

жем чачып кой» дегенде.

басып кеткем: «аний» деп,

-- Жем чачкыч белем мен эмне...

...Уят болдум кийин мен,

Ошол чаар тооктун

Жумурткасын жегенде...» (жогорудагы китепте).

Балдарды китеп окууга үйрөтүү балдар акын-жазуучуларынын милдети да, кызматы да болуп санала турганын айтуу ашыкча эмес. Акын К.Жунушев жөнүндө сөз кылганда дал мына ушул ой көкүрөккө келет. Ал үчүн дагы бир ырын окуйлу:

«Олтурасын эмне эле, 

Аңдып кечке ийинди? -

десек, мышык кубанат:

-- Белгилеп койсом деп жатам

Бүгүн туулган күнүмдү... («Туулган күндү белгилөө»).

Мындай кыска, бирок нуска, терең ойго ширелген ырлары акын К.Жунушевдин миниграфиялык стилде жазган мыкты балдар акыны катары жүзүн ачып берип, анын жекече үнүн, өз алдынчалуулугун, башкага окшошпой турган стили бар экенин далилдей алат.

Миниграфиялык формада биздин акындарыбыз гана эмес, прозачы жазуучуларыбыз да балдар үчүн чыгармаларын жазганын айта кетели. Тээ башынан кеп баштасак, К.Тыныстановдун жана И.Арабаевдин балдар үчүн китептерге кирген аңгемелери да дал ушул форма менен стилге мүнөздүү экенин айта кетели. Мындан К.Тыныстановдун «Талаага тай өнүптүр», «Арпа менен буудай», «Энеге баланын алалыгы жок», «Билим  түгөнгүс байлык» жана да И.Арабаевдин «Мукаш», «Мектеп баласы», «Акылдуу сокур», «Эринчээк бала», «Талаш, «Өрт чыкты» аттуу көбүнчө дидактикалык мүнөзү күчтүү аңгемелери да дал ушул миниграфиялык стиль менен формага мисал боло алат. 

Дегинкиси, балдар акыныбы, прозаигиби, балдар үчүн чыгарма жазса эле балдардын күндөлүк майда окуяларын курулай тизмекке алган баян болушу керек деген ойдон алыс болгон жакшы. Мына ушуну туюп-билген жазуучулардын ичинде романчы Т.Сыдыкбеков да бар экенин айтсак болот. Анын «Улуу биримдик» деп аталган (Фрунзе, 1985) балдар үчүн аңгемелер жыйнагында бир шиңгилдерден турган миниграфиялык аңгемелери да кирген. Айрыкча «Биринчи суук» аттуу алты жолдон турган аңгемеси буга далил. Андагы: атасынын оозунан чыгып жаткан бууну баласы «түтүн» деп ойлогону, аны атасы түтүн эмес, бубак экенин айтып түшүндүрүүсү  чакан формага сыйган жана ошонусу менен эле жетиштүү сюжет болуп берген. Ушундай эле формада балдар үчүн аңгемелерди жазган жазуучубуздун бири Ш.Садыбакасов экендигин айтсак болот Анын балдар аңгемелеринде («Күзгү», Ф., 1986) башкаларга окшобогон, өзгөчөлүү бир стиль бар экени аны иликтеп көргөн көзгө даана байкалат. 

«Ким жеди?» деген аңгемеси чакан гана көлөмдө жазылган, ал болгону алты саптан турат. Анда бала кызыктуу китепти окуп отуруп, чөйчөктөгү кыямды түгөтө жеп салганын байкабай калат да, кашыктын учу чөйчөктүн түбүнө тийгенде чочуп кетип, «менин вареньемди ким жеди?» деп ыйлактайт… Же болбосо, «Мебель» деген аңгемеде ата-энеси айлап акча чогултуп, күн сайын «мебель алабыз» деп кеңешип жатышып, бир күнү мебель алышат. Бала «мебель» деген бир кызык сонун нерсе го деп ойлогон да. Көрсө, үйгө коюучу эмерек экен. Алганы менен, эми балээнин баары башталды. Баланын баскан-турганын тыйып, «кир колуң менен кармаба, тырмагың менен тырмаба, мык менен чийгилебе» деп эретеден кечке кыйноого түшөт…Ошондой эле «Гүлдөрдү ким жакшы көрөт?» аттуу аңгемеси бир үзүм болсо да, балдардын гүлдү жакшы көрүүсү – аны үзүп алып терезесине коюп алуу эмес экенин, аны багып, сугарып, күндө коргоп, бирөөгө тепселетпей, жакшы мамиле жасоо экендигин түшүнтөт.

Мындай стилдеги чыгармаларды профессор Ү.Асаналиев дагы жазып, бир канча чыгармаларын калтырып кетти. Анын төрт саптан, үч саптан, алтургай эки саптан эле турган чакан күлкүлүү шиңгилдери ар кайсы мезгилдүү басылмаларды жарыяланган эле. Алсак, анын К.Чуковскийдин формасына салып жазган «Башкарма» деген миниграфиялык аңгемеси үч эле саптан турат: 

«-- Ата, тиги киши башкармабы? - деп сурады баласы.

-- Кайдан билдиң?

-Күпүлдөп сүйөп жатат го…». (У.Асаналиев, аңгемелер, «Байчечекей» журналы, №2, 1993-ж.).

Демек, мына ушундай табиятынан улам адабиятыбыздын балдар үчүн үлгүлөрүн талдай келип, анын формасы менен стилдик өзгөчөлүгүнө баа берип, аларды «миниграфиялык» чыгармалар деп мүнөздөө менен, анын жанрдык өзгөчөлүктөрүн мындан ары да изилдеп, мүнөздөп, талдап, баалоо милдети алдыда турат дегибиз келет.


Сулайман Рысбаев, профессор, балдар жазуучусу 

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер