Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдывахап Нурбаев: “Акылбек Жапаров оозуна келгенди оттой бербесин!”

Абдывахап Нурбаев: “Акылбек Жапаров оозуна келгенди оттой бербесин!”

27-август, 12:13
1 415 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Абдывахап Мамадрасулович, учурдагы тышкы саясаттагы абалыбыз кандай?

-- Кыргызстанга жаңы бийлик келген сайын “тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзөбүз” дешет. Кечээ жакында президент “фейк маалыматтар” боюнча мыйзамга кол койду. Эми Европа көп жагынан артын салат. Мамилесин азайтат. Ушуга окшогон маселелерде тышкы иштер министрлиги президентке жакшы маалымат жеткириши керек болчу. Эгерде биз чынында эле алар айткандай көп векторлуу тышкы саясатты жүргүзүүгө батынсак, баарына бирдей мамиле жасаганыбыз туура. Тилекке каршы, азыр андай боло элек. Кыргызстан эң биринчи жакынкы кошуналар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай мамлекеттери менен мамилени бузбашы керек. Анан албетте, биздин кызыкчылыктар болгон Россия, Европалык Экономикалык Биримдик, Америка Кошмо Штаттары сыяктуу өлкөлөрдүн жылуу мамилеси биз үчүн маанилүү. 

-- Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров “долларды колдонуудан баш тартыш керек” деп жатпайбы, бул мүмкүнбү? 

-- Акылбек Жапаровдун минтип айтканы туура эмес, “министрмин” деп эле оозуна келгенди оттой берсе болбойт да. Эми дүйнөдө баардыгы долларга айланып турса, биз кантип андан баш тарта алабыз? Кандай максатта айтса дагы анын бул сунушун туура эмес (!) деп эсептейм. 

-- Тышкы иштер министринин азыркы кадамдары кандай болушу керек эле? 

-- Учурда дүйнөдөгү, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу тышкы иштер министринин ар бир кадамы, аракети маанилүү болуп турат. Алар акыркы окуяларга тез арада реакция жасашы керек. Азыртан эле бир тараптуу болбой, Евро Биримдик жана башка кызыкдар тарап менен алака түзүп,  “Ооганстандагы коркунучтар келсе кандай аракеттерди көрүп, кандай иш-чара кыла алабыз?” деген суроолорго жооп издеш керек. Азыр Орто Азия мамлекеттеринин чочуганы талибандар болуп жатпайбы. Анткени азырынча булардын келечектеги кадамын баардыгыбыз билбей турабыз. Талибандар кандай саясат алып барышат? Кошуналарына кандай мамиле кылышат? Ушул боюнча консультацияларды жүргүзүп, күчтүү эксперттер менен сүйлөшүп, алдын ала даядыктарды көрүү зарыл. Президентке дагы ушул багытта өзүнүн кеңештерин байма-бай берип турушу абзел.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер