Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакиевдин “Ынтымак” курултайын мактагандар бул бийликтин босогосунда жүрүшөт

Бакиевдин “Ынтымак” курултайын мактагандар бул бийликтин босогосунда жүрүшөт

03-октябрь, 19:00
874 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын көөнө тарыхында курултай же курултайлар жөнүндө кенен-кесир материал жокко эсе экен. Ал эми жакынкы эле тарыхыбызда “баланча жерде баландай курултай болгон, баландай маселе каралган” деген үстүртөн эле маалымат болбосо, курултай жөнүндө, анын маани-маңызы, милдети, табияты кандай болгон ныпым маалымат жок. Курултай өзүнчө институт катары кыргыздардын коомдук турмушунда кандай роль ойногон биз дээрлик билбейбиз.

Эгерде Кыргызстанда да бирдиктүү, классикалык түшүнүктө хандык болгондо, андагы маанилүү маселелерди талкуулаганда, хан көтөргөндө “оң канаттан мынча, сол канаттан мынча адам курултайга чогулсун” деген түшүнүк жобо жазма эмес оозеки да жок, болгон эмес. Же болбосо “кыргыз улутун түзгөн 40 уруудан мынчадан адам келсин” деген да ишаарат болгон эмес.

“Белек Солтоноев ‒ кыргыздын тунгуч профессионал тарыхчысы. Ал өзүнүн “Кызыл кыргыз тарыхы” аттуу уникалдуу эмгеги өз демилгеси менен 1895-жылдан жазып баштап, 1934-жылы аяктаган. Ондогон-жүздөгөн тарыхый булактарды үйрөнүп, кыргыздын жаралуу доорунан тартып, 1916-жылдагы тарыхына чейинки баскан жолун 40 жыл бою изилдеп жазган чыгаан тарыхчынын эрдиги...” деп жазат окумуштуу Советбек Байгазиев. Мына ушул уникалдуу китепте да Б.Солтоноев кыргыздардын бир канча жыйындарын жазат. Ошондо да курултай деген термин жок. Б.Солтоноевдин айтымында: “...1896-жылы май айында Пишпек шаарында болгон сыязда... Ошол жылы июль айында бүткүл Каракол, Пишпек, Нарын кыргыздары Көтмалдыда топ кылып, бугу кыргызынын...” деп андан ары улайт. Көрүнүп тургандай, Б.Солтоноев алгач бул жыйынды “сыязд” деп жазса, экинчисинде жөн эле топ кылып деп белгилейт.

Демек, кыргыз тилинин күнүмдүк пайдалануусунда “курултай” деген сөз да көп эле пайдаланыла бербеген. Ага мисал катарында Юдахиндин абройлуу сөздүгүндө, К.Карасаевдин китептеринде биз “курултай” деген терминди атайылап издеп да таба алган жокпуз. Акыйкаттык үчүн белгилей кетейин, 2010-жылы ал кездеги мүчө-корреспондент, азыр бакыйган академик Абдылдажан Акматалиевдин жалпы редакциясы менен жарык көргөн салмагы беш килодой  “Кыргыз тилининин сөздүгүндө” курултай жөнүндө минтип бериптир: “Курултай ‒ элдик, коомдук уюмдардын, партиялардын чоң жыйналышы. Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайы 1992-жылы өткөн” деп жазылып турат. Автордук коллектив эң туура белгилеген. Бул эми азыркы курултай. Ал эми Октябрь революциясына чейинки биз билген курултайларда эч кандай квота, чен, өлчөм болгон эмес. Кабар жер-жерлерге жеткенден кийин оозунда сөзү бар, эл арасында белгилүү бир аброю бар бир уруунун же ошол өрөөндүн ишбилги азаматтары курултайга топтолушуп эле жөнөгөн. Азыр эми заман өзгөрдү, интернет менен электрондук почтанын мезгили келди, 2 жаштан 92 жашка чейинкилер баардыгы телефон чукуп отурушат. Байден кайда, Путин эмне деп сүйлөдү, Садыр Жапаров Самаркандда Рахмон менен эмне жөнүндө сүйлөштү – баарын жадыбалдай жат билишет. Мына ушул кырдаалда биздин курултай кандай болушу керек?

Эгерде биз курултайды кынтыксыз уюштурсак, глобалдашкан заманда кыргыздыгыбызды (иденттүүлүгүбүздү) сактап кала турган белгилердин бири катары сыпаттасак да туура болот го. Курултай биздин мурдакы Конституцияга да кирген, бирок керектүү мыйзамдар кабыл алынбай калып калган эле. Бул жаңы Конституциябызга (2021) курултай кененирээк, даанарак кирди. Бирок конституциялык мыйзамды депутаттар талашып-тартышып ала алышкан жок. Ошондуктан президент өзүнүн указы менен 25-ноябрда Кыргызстан элдеринин курултайын өткөрөрүн белгиледи. Ушуга улай курултайдын өткөрүлүшүн колдогондор жана аны кескин сындагандардын кылчайнашкан кармашуусу башталды. Сындагандардын таянган далили курултай Конституцияда бар, а мыйзамы жок, демек, мыйзамсыз, бейрасмий уюмдун жалпы республикалык жыйыны мындай шашылыш чакырылышы туура эмес дешет.

Саясат талдоочу Сабыр Муканбетов “курултайга тоюп бүткөнбүз. ...Элди бириктирип, ынтымакка алып келчү курултай болбой эле элди экиге бөлгөн курултай болуп калбайбы. Баягы Бакиевдин “Ынтымак” курултайындай болуп калбайт деген кепилдик жок” дейт.

Албетте коомдук пикирди угуп, аны анализдеп, өз убагында алдын ала чараларды көрүү абзел. Бирок президенттин жарлыгы чыкты, курултай өтөт, эми аны уюштуруу жана өткөрүү жаатында гана өз оюбузду, сунушубузду айтуубуз керек. 

Курултай маселесинде креативдүү депутат Жанар Акаевдин оюна кошулам. Анын айтымында, акыркы революциядан кийин Конституция шашылыш кабыл алынып калды. Анда курултай эки-үч жеринде кирип калды. Эми аны аткаруудан башка жол жок. Курултай биз кааласак-каалабасак да өтөт. Эгер курултайга ар түрдүү тармактын өкүлдөрү келип олуттуу маселелерди көтөрүп, аларды чечсе, мен түшүнөт элем. Жанардын айтуусу боюнча Жогорку Кеңешке курултай боюнча киргизилген (депутаттар отпускага кеткенге чейинки) мыйзамдын долбоорун көрүп, оозум Ошту карап калды деп жазат. Анда айыл, райондун бюджетинен баштап, алардын ишмердигин карайт экен. Анда алар курултайга делегат болгондор, ал жердеги мамлекеттик органдарды иштетпей эле “мындай кыл, тигиндей кыл”, “тигини ишке ал”, же “мен Бишкекке баратам, жол кирени төлө” деп такыр айласын кетиришет. (Ордо, 9/IV-2022, 3-бет).

Ушундан улам кийинки кезде эл аралык, дүйнөлүк практикада кандай иш-чара, маараке (конференция, симпозиум ар түрдүү официалдуу же официалдуу эмес жолугушуу кеңешмелер) болбосун, жазылбаган мыйзам бар. Келгендер, чакырылгандар баардыгы жол акысын айрым кезде мейманкананы да өздөрү төлөйт, ал эми бул жердеги уюштуруучулар аларга экскурсия ж.б. уюштурат.

Ошондуктан бийлик курултайга келчүлөрдү жергиликтүү айыл өкмөтү, райондун акими, эч ким аларды шайлаган чогулуштарга катышпашы, негизгиси, финансылабашы керек. Делегаттар Бишкекке келгенде мейманканасын, тамак-ашын да өздөрү камсыздашы шарт. Эгер президент тамак уюштурса, “ошого катышам, бекер тамак, бекер мейманканада жатам” деп кыргыздар кырылышып калат.

Ошондуктан жогоруда биз белгилегендей, оозунда сөзү, айта турган ою бар, кыргызга күйгөн патриот инсан акимден, дагы кимдир бирөөдөн акча сурабай эле эл шайласа курултайга өзүн-өзү финансылап эле келет. Ал эми курултайда көтөрүлө турган маселе: “Биздин айылда жол жаман, суу жок, канал тазаланбаган, түтүктөр бузулган, мектеп ремонт болбоду, трансформатор иштебейт, клуб, библиотека жок, пенсия өз убагында келбейт, айылда иш начар, өкмөт иштебейт” ж.б.д.у.с. болбош керек. Ал маселелерди жакында эле өкмөттүн жооптуу адамдары генпрокурор баш болуп, президенттин тапшырмасы менен ар бир райондо жолугушуп, угуп келишпедиби. Аларды чечүү элдик курултайдын милдетине кирбейт. Элдик курултай биз ким элек, ким болдук? Мындан ары жалпы республиканын, мамлекеттин экономикасы, социалдык чөйрөсү, коргонуу потенциалы кантип өнүгөт? Ал үчүн эмне кылыш керек? Ички-тышкы саясат, Тажикстан менен мамиле, миграция, кайра иштетүү, тамак-аш жана энергетикалык коопсуздук ж.б. ушундай өзөктүү, тагдыр чеччү стратегиялык маанидеги маселени коюп жана кантип чечсе болот, ошону көргөзүү зарыл. Болбосо ар ким өзүнүн айылынын, өзүнүн жеке маселесин айта берип, баш-аягы табылбай калат. Ошондуктан жер-жерлерде делегат шайлаарда “жалпы мамлекеттик маанидеги маселени көтөрөсүң, президентке жагалданып мактай бергенди “дуба берип коёюн” дегенди таштайсың” деш керек. Болбосо Бакиевдин “Ынтымак” курултайында аны жан-алы калбай мактаган байкелер азыр бул бийликтин босогосунда өз амплуасында жүрүшөт. Алардын дээрлик баардыгы парламентти жана өкмөттү жамандашат да, президентти жерге-сууга тийгизбей макташат. Бул жакшылыкка алып барбайт.

Ушул курултай мындан аркы курултайлар кандай болот, кандай болушу керек, ошону көргөзөт. Же мурдакы курултайлардай болуп, бирин-бири мактап “Манастын тукумубуз, сиздей эч ким болгон эмес” ж.б. дей берип, курултайдан да жалпы элдин көксөөсүн биротоло суутуп, көңүлдөрү көк таштай калат. Же “курултайдын келечеги бар” деген ишеним пайда болот.

Биздин баамыбызда жана көрүлүп жаткан даярдыктарга караганда, күтүлүп жаткан жалпы элдик курултай мамлекетибиздин эртеңки күнүн аныктап, стратегиялык маселелерди белгилейт го деп үмүт кылабыз. Президенттин курултайда жасай турган отчету да ушул жагдайда болот шекилди. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер