Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ИИМ орун басары Урмамбетовду Ош ШИИБ начальниги Мамасейитов ашата сөктүбү?

ИИМ орун басары Урмамбетовду Ош ШИИБ начальниги Мамасейитов ашата сөктүбү?

14-октябрь, 20:58
1 493 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ишенген кожоң сууга акса, алды алдынан тал карма” дейт. Анын сыңарындай, учкайлата мисал келтирели. Тажикстан тарабынан Баткенге агрессия башталганда, согушка жакын тилкеге Ош ШИИБ начальниги Акылбек Мамасейитовду дайындашат. Милицияга көзөмөл кылуу, башкаруу милдетин жүктөшүп. Тилекке каршы, дал ошондо ашмалтайы чыгып атпайбы. ИИМ орун басары Октябрь Урмамбетов көп өтпөй Акылбек Мамасейитовду таппай калат. Көрсө, ал Кадамжайга кетип калыптыр. Дал ушул учурда ок атылып, эл жөө-жалаңдай качып, бүлүк түшүп аткан чагы экен. Урманбетов ачууланып, Мамасейитовго телефон чалып, какыс-кукус кылгыча башка чапкандай жооп алат. Беркинин эрдемсий “ашатканын” угуп, уугуп калганы уу-дуу кеп жаратты го? ИИМдин орун басары, генерал-майорду Ош ШИИБ начальниги шалбырата сөгүп атса, кайдагы көзөмөлдү кеп кылабыз? Тартип, ырааттуулуктун жоктугу ушулбу? Бул окуядан кийин Октябрь Урмамбетов ИИМ жетекчилигине рапорт менен кайрылып, Акылбек Мамасейитовду жазалоо үчүн катуу туруп атыптыр. Учурда кызматтык териштирүү жүрүп атканын эшиттик. Натыйжада, “эки үлкөндүн” тиреши кандай аякташы талкуу жаратып, өздүк курам ичи дуулдап аткан чагы. Мыйзам алдында таза чечим чыгабы, же “бармак басты, көз кысты” менен калабы


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер