Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов: “Президент арканды алыс ыргытып, оппозиция менен антикризистик штаб түзсө...”

Адил Турдукулов: “Президент арканды алыс ыргытып, оппозиция менен антикризистик штаб түзсө...”

12-май, 22:24
1 504 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Адил мырза, президент Садыр Жапаров Дача-СУдагы кырсык боюнча коомдук комиссия түзүп, ага бир катар Батыштын долбоорлору менен иштеген журналисттер, бейөкмөтчүлөр, дегеле бийликти сындагандар да кошулуптур. Бул топто өзүң дагы бар экенсиң, кандайча кызматташууга бардың?

-- Президенттин сөзүнөн алганда, укук коргоо органдары тарабынан Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат. Бул Садыр Жапаровдун күч органдарга анча ишеними жоктугун айгинелеп, аларда али күнгө чейин реформа жүргүзүлбөгөнүн билгизет. Экинчи жагынан иликтөөчү-журналисттер, бейөкмөт уюмдар коррупциянын бетин ачышып, кыңыр иштерди чыгаруу боюнча көп учурда прокуратура, УКМК, ИИМдин жумушун жасап жатышканын тастыкташат. Ошондуктан бизди, иликтөөчү журналисттерди президент душман көрбөй, тескерисинче, кол сунуп, кызматташканга даяр экенин мен жакшы кабыл алдым. Комиссиянын курамы бийликтин камчысын чаппай турганы азыртадан эле даана көрүнүп турат. Мен дагы анын ачык, көз карандысыз ишин камсыз кылам. Кийин Кыргызстандагы резонанстуу делген иштерге ошондой эле комиссия түзүлсө туура болот эле. Мисалы, ошол эле Кумтөр, Жерүйдүн сатылып кеткени, Ош коогалаңы, Убактылуу өкмөттүн кылыктары, борбор шаарыбыздагы мыйзамсыз курулуш объектилери боюнча ж.б. 

-- Соңку убакта Бишкектин саясаты Москва менен төп келбей, карама-каршы болуп аткандай, туурабы? Бул жагынан ар кандай анализдер, божомолдор айтылууда. Мындай шартта биздин бийлик кандай аракеттерге барат дейсиң? 

-- Кыргызстан бейтараптуу, нейтралдуу позицияда болгону туура. Бир жагынан Москванын каарына калбай, ошол эле учурда Батыштын санкцияларына дуушар болбош үчүн. Буга дыкат дипломатиялык жүрүштөр талап кылынат. Акыркы кезде бул жаатта Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев, Касым-Жоомарт Токаев үчөө бирдиктүү кадамдарды жасашып, үндөшүү таризинде тышкы саясатты жүргүзүп жаткандарын көрүүдөбүз. Бул болсо Борбор Азия чөлкөмүндөгү регионалдык бирикме, геосаясый күч болууга мүмкүнчүлүк берет. Муну дагы да бекемдеш керек, анткени ошондо гана Пекин, Вашингтон, Брюссель, Анкара биз менен теңме-тең мамиле түзүүгө кызыкдар болот. 

-- Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр канчалык деңгээлде элдин колдоосуна арзыйт? Бул катмардан кимдер таасирдүү?

-- Эгерде экономикалык кризис тереңдеп, саясый абал курчуп кетсе, бийликти алмаштырып коюуга оппозициянын деле кереги жок. Эл өзү баарын чечип коёт. Бийликти мактап-жактап жаткандар биринчи сатат. Буга биз көп жолу күбө болбодукпу. Ошондуктан президент арканды алыс ыргытып, Мадумаровдон баштап, батышчыл Равшан Жээнбеков менен бирге, атамбаевчилер, блогер-активист журналисттерди кошуп, антикризистик штаб түзсө дейм. Анткени элде өкмөт менен парламентке ишеним суюлуп, жалпы көпчүлүк жаңы дем күтүп жаткандай... 

-- Күздө саясый кырдаал тынч эле болобу? Сырткы күчтөр абалды бузуу үчүн кийлигишпейби? Бийлик эмне кылуу керек?

-- Украина менен катар Афганистандагы абал курчуп баратат. Тышкы шоктор, күтүлбөгөн кризис биздин коопсуздугубузга, экономикага кокусунан чоң сокку урушу мүмкүн. Биринчи кезекте баалар кескин жогорулайт. Мигранттар Кыргызстанга агылып келишет. Чек ара маселеси курчуйт. Мунун башатын азыр да байкап жатабыз. Ошондуктан бийлик өлкөнүн ичинен элди бөлбөй, тескерисинче, ортомчу, керек болсо каршылаш күчтөрдү биримдикке үндөп, иш жасаса өнүгүүгө жол ачылат.


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер