Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жерүйдөгү талуу маселе... Муса Бажаев алдамчыбы?

Жерүйдөгү талуу маселе... Муса Бажаев алдамчыбы?

28-март, 21:23
819 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кумтөрдү адегенде Канаданын “Камеко” компаниясы иштеткен. Ишти башташканда эле Кумтөрдөгү алтыныбызды күрөөгө коюп, чет мамлекеттердеги банктан 480 миллион доллар кредит алып, “фабрика курганга жана башка чыгымдар болду” деп чыгымдарын көбөйтүп, Кумтөрдөн алуучу пайдабыздан “быссымылда” дегенде эле 240 миллион долларга бизди карыз кылып, алган кредиттерин биздин эсебибизден жабышкан. Ошол кездеги А.Акаев баштаган бийликтеги кемчонтойлор эсептешип, такташып мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошпой туруп, макул болуп отуруп беришкен. Мына ушундан кийин “бизге Кудай бербеспи” деп, “мындай келесоолорду издесек да таппайбыз” дегенчелик кылып, бизди алдап жүруп отурушту. Мурунку коррупциялык афёралык иштери билинип калбасын үчүн из жашырып, “Кумтөр Оперейтинг Компани” дегенди түзүшүп, канча бир убакыттан кийин (дочерняя фирма катары) “Центерра Голд Инк” компаниясын ачышып, бүгүнкүгө чейин терибизди, тескери сыйрып, жонубуздан кайыш тилишүүдө. Кумтөр боюнча Акаевден баштап Жээнбековго чейинки президенттер баш, бийликтегилери төш болушуп, бүгүнкүгө чейин барабан кактырышып, сурнай тарттырышып, “инвестор эле инвестор” дешип, элдин башын жакшы эле айлантышты. Бул аферисттер инвестор эмес экенин азыркы президентибиз Садыр Жапаров деле 2012-жылы Жогорку Кеңештин трибунасынан айткандай болгон. 

Кечээ ачылган Жерүйдөгү алтын кенин Россияда каттоодо турган жеке менчик “Восток-геолдобыча” компаниясынын “Альянс Алтын” дочерняя компаниясы иштетмек болду. Кенди ачып жатып президентибиз Садыр Жапаров аңды-дөңдү карабай, Муса Бажаев жетектеген “Альянс Алтын” компаниясын “инвестор” деп элдин кулагына куйгусу келди. Буларды түшүнгөн киши эч качан “инвестор” деп айта албайт, себеби булар “Жерүй алтын кенинин лицензиясын аукциондон 100 миллион долларга утуп алдык. Силердин казакстандык “Визор” компаниясына болгон 480 миллион карызыңарды дагы берип кутулттук, мамлекетиңерге эч кандай карызыбыз жок” деп мурдун балта кеспей отурушат. А казакстандык “Визор” компаниясы Жерүй алтын кенинин лицензиясын итбекер сатып алып,  кенди иштетебиз (!) деп болгону 32 миллион доллар сарптап, ишти баштабай создуктуруп жүрө бергендигинен, 2013-2014 жылдары А.Атамбаев башында турган кыргыз бийлиги лицензиясын чакыртып алган. Мына ушул жерден “Визор” компаниясы менен келишпестик чыгып, алар менен эл аралык сотко чейин барышат. Кыргыз бийлиги эл аралык сотто компетентсиздигинен 32 миллион доллар чыгымын жана 448 миллион доллар “упущённый выгодасын” кошуп төлөөгө аргасыз болушат. Кыргыз бийлигинин эң чоң катачылыгы – лицензияларды аукционго алып чыгып сатып, пайда көрүп калса болду, андан кийин мамлекет эмне болсо ошо болсун (!) деген мамиле. Эгер бийлик лицензия берип, ага кошуп генералдык макулдашуу түзүп, мөөр менен бекитип, анын ичине мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, бир нускасын инвесторлордун колуна карматканда, минтип соттошуп, утулуп жүрбөйт элек. 

“Ишенген кожом сен болсоң...” дегендей, президентибиз Садыр Жапаров өзү баш болуп Муса Бажаевдин “Альянс Алтын” компаниясын эмитен жерге-сууга тийгизбей “инвестор” атап жатканы – бул калпыстык. Россия президенти В.Путин “силерге  600 миллион долларлык инвестиция салып жатабыз” деп одолжение кылат, булар бизге инвестиция эмес, жеке менчик Муса Бажаевдин “Альянс Алтын” компаниясына кредит берип атышат. Алар ошол берген акчаны фабрика курганга, жолдорун салганга, шаймандарын, тетиктерин алганга жумшашат. В.Путин айтып жаткан 600 миллион доллар эч кандай кыргыз экономикасына жумшалып, иштетилип жаткан жери жок. Элди келесоо ойлошпосун. Жерүй алтын кенинде генералдык келишими жок, казып алган алтындан да үлүшүбүз жок. 100 тонна алтынды 1 унций алтындын бүгүнкү дүйнөлүк баасы менен эсептегенде 6 миллиард доллардан ашыгыраак алтыныбызды болгону 100 миллион долларга кармата берип, өзүбүздү сооротуп алдап келебиз. Эмне десе, “салык жана соцпакетке төлөйт экен” деп жыргап отурабыз. Жерүйдөн мамлекет эч кандай пайда деле көрбөйт, болгону биздин мекендештер, канча бир киши жумуш орду менен камсыз болот. А салыкты кичине, орто же чоң компания болобу, иш алып иштеп жаткандан кийин мамлекетке сөзсүз төлөйт. Бул турган иш, мындан эч ким качып кутула албайт. Акүй менен өкмөт үйүнө чогулуп алган билимсиз, кесипкөй эмес бечаралар үлүш менен салыктын айырмасын билбей, салыкты өзүнчө бөлүп айтышып, элди алдагысы келишет. 

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сизден сураныч, Жерүй кенин “Восток геолдобычага” итбекер, болгону 100 миллион АКШ долларына сатып жиберген жана ага аралашкан чыккынчыларды таап, жазасын берип, сот аркылуу Жерүй  кенинен үлүшүбүздү алганга аракет кылышыңыз керек. Бир салык, соцпакет  менен экономиканы көтөрө албайсыз! А 17-мартта караманча үлүшүбүз жок Жерүй кенин иштетип баштаган жеке менчик “Альянс Алтын” компаниясына барып лента кесишиңиз эми бул...          


Болуш Султанов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер