Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арсланбек Кененбаев, эксперт: “Негизи кедей кишилерге насыя алууга болбойт”

Арсланбек Кененбаев, эксперт: “Негизи кедей кишилерге насыя алууга болбойт”

01-декабрь, 12:09
3 236 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматынан алсак, быйыл өлкөдө 28 миллиард сомдон ашуун насыя берилсе, анын ар бир экинчиси буюм-тайым сатып алууга, той-топур өткөрүүгө жумшалган. Айыл чарба, соода-сатык, өндүрүшкө берилген насыялар тескерисинче азаюуда.

-- Учурда каатчылыктын айынан насыя алган жакыр катмар көбөйдү. Насыянын жумшалышы тууралуу кандай ойдосуң?

-- Кичи насыя берген уюмдар мурда дыкат карап, насыяны мал чарба куроо, соода сыяктуу бизнести өнүктүрүүгө берчү. Соңку жылдары көбүрөөк керектөө насыялары берилип жатат. Азыр тойго, техникага алышат. Кээ бир үй-бүлөдө үч-төрт насыя бар. Негизи кедей кишилерге насыя алууга болбойт, аларга жеке финансы менен иштөө үчүн билим керек. Насыя негизи байлар үчүн же кимдин финансылык билими жакшы болсо, ошолор үчүн жасалган инструмент. Эл эч нерсе билбей эле насыя алып жатышат. Башында микрофинансылык уюмдар “бизнес-план кандай түзүлөт? Каржылык пландоо кандай болушу керек?” деген финансылык билим беришчү. Азыр эч кандай билим бербей туруп, керектөө насыяларын жөн эле таратышууда. Жөнөкөй эл үчүн бул чоң зыян. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер